Чыдамдын да чеги болот! Евробиримдик доллардан баш тартууда

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Европа биримдиги америкалык валютадан көз карандысыздыгын басаңдатып, келишимдерди евро менен түзүүнү көбөйтүп, ошондой эле чет өлкөлүк ишканалардын европалык компанияларды "өзүнө багынтып" алышына бөгөт болууга ниеткер.
Эми бул улуттук коопсуздукка келтирилген коркунуч катары кабылданат. Эмнеге Брюссель доллардан чечкиндүүлүк менен арылууда? Дүйнөлүк үстөмдүгүнөн аны ажырата алышабы? Ушул жана башка суроолорго кесиптешибиз Наталья Дембинская жооп издөөгө аракет кылган.

Ынанымсыз союздаш

Евронун ролун жогорулатуу демилгесин алгач жолу Европа биримдигинин күн тартибине Европалык комиссиянын мурдагы төрагасы Жан-Клод Юнкер 2018-жылы эле киргизген. АКШнын ал кездеги президенти Дональд Трамп тутанткан соода согушунан улам Евробиримдик миллиарддарды жоготуп жатканын билдирген. Ошондуктан долларды башкы дүйнөлүк валюта макамынан ажыратуу керектиги айтылып, көнгөн системаны бузууну мунай-долларлардан баштоо сунушталган: Юнкер энергетикалык импорттун 80 пайызын Европа америкалык валюта менен төлөп жатканына өкүнгөн.
ОТР Жакшы кадам. АКШ менен Россия маанилүү келишимди узартууну макулдашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
"Жакшы кадам". АКШ менен Россия маанилүү келишимди узартууну макулдашты
Европалык учактарды Европа биримдигинде еврого эмес, долларга сатып алышканы акылга сыйбастыгын белгилеген. Вашингтон континенттин компанияларына доо кетирген бир тараптуу санкцияларын көп колдонгонун да эске салган Еврокомиссиянын ошондогу башчысы.
Трамп Кошмо Штаттарды Ирандын өзөктүк программасын чектеген эл аралык келишимден чыгарып, аталган Ислам Республикасы менен соода байланыштарына тыюу салган санкцияларды кайрадан жарыялаганда кырдаал ого бетер курчуган. Эгер бул аткарылбаса, Тегерандын контрагенттерине америкалык рынокко жол буулмак.
Евробиримдик Иран менен эсеби үчүн башка жолдорду издөөгө аргасыз болгон. Франция, Германия, Улуу Британия "европалык экономикалык оюнчулар жана Ирандын ортосундагы мыйзамсыз коммерциялык транзакцияларды жөнөкөйлөштүрүүгө" багытталган атайын механизмди — INSTEX инструментин түзүшкөн. Ал 2019-жылдын башында ишке кирген. Кечирээк ага Бельгия, Дания, Нидерланды, Норвегия, Финляндия жана Швеция кошулган.

Ашыкча көйгөйлөр

Маңызында механизм АКШнын каржылык тутумунан кыйгап өтүп, Вашингтондун каарына калбастан европалык өлкөлөргө Тегеран менен соода жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Иран менен Европанын ортосундагы реалдуу акча айлантуудан качып, INSTEX насыялык баллды (упайларды) пайдаланган.
The Washington Post түшүндүргөндөй, Иран бул насыяларды товар сатып алууга багыттаган. Андан өз жабдуулары менен кутулат. Бирок механизмди ишке ашыруу абдан татаал болуп чыкты.
Кеп Иран мунайы жөнүндө, бирок бул туурасында унутууга туура келген. INSTEX дары-дармектерди, азык-түлүк жана башка гуманитардык өндүрүмдөрдү сатып алуу жана сатуу боюнча транзакциялары менен гана чектелген.

Чайпалтчу соңку тамчы

Акыры, АКШ принципиалдуу европалык энергетикалык инфраструктуралык долбоорлордун бирине – "Түндүк агым — 2ге" чоң сокку урду. Вашингтондун коркунучунан улам айрым европалык компаниялар түтүк коюу иштеринен баш тартты.
Киши кол чатыр менен ЕБ флагдын фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Европа РФ менен мамилесин жана өз келечегин сактоого тырышат. Сереп
2019-жылдын декабрында швейцариялык Allseas компаниясы кеткенден кийин кеме кожоюндарын өз ара камсыздоо клубдарынын эл аралык тобу долбоордон чыккан. Январда норвегиялык Det Norske Veritas сертификациялык компаниясы да долбоордон байланышын үзгөн. Кызматташууну токтоткондугун даниялык Ramboll инжинирингдик фирмасы, ага удаа эле германиялык Bilfinger SE курулуш компаниясы жар салды.
Вашингтондун так максаты бар, суюлтулган жаратылыш газын экспорттоону жогорулатып, аны менен катар эле еврону колдонбогон жана Америка тарапка ыктаган Чыгыш Европа өлкөлөрү аркылуу күйүүчү май транзитин колдойт.

Сөздөн ишке

Financial Times басылмасындагы маалыматтарга таянсак, бул ишке чекит коюу үчүн Еврокомиссия алдын ала план даярдаган. Еврону ар кыл товарларды жеткирүүгө колдонуу, негизги каржылык багыттарга байланышкан жоболорду кайра карап чыгуу жана зарыл учурда аларды өзгөртүү боолголонот. Мындан тышкары, жөнгө салуучуларга чет элдик фирмалардын европалык компанияларды "багындырып алышына" бөгөт коюу укугун берет. Натыйжада ал компания экстерриториалдык санкцияларды аткарууга мажбур болуп калар-калбасын аныктоо үчүн келишимдерди текшеришет. Бул үчүн чет элдик түз инвестицияларды көзөмөлдөөнүн жаңы тутуму колдонулат. Эми андай аракеттер, тагыраак, башка бир ишкананы келип, багынтып алуу улуттук коопсуздукка коркунуч деп саналмакчы.
АКШ долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
ЕАЭБ өлкөлөрү эмнеге доллар менен соода жүгүртүүдөн баш тартышы керек?
"Үчүнчү өлкөлөр тарабынан бир тараптуу санкциялардын экстерриториалдык пайдаланылышы Европа биримдигинин ал санкцияларга себепчи болгон өлкөлөр менен эки тараптуу алакаларды башкаруу жана эл аралык келишимдердин сактоо жөндөмүнө олуттуу таасир этти, — деп айтылат документте. — Үчүнчү өлкөлөрдүн бир тараптуу аракеттери ЕБдин мыйзамдуу соода жана ишканалардын инвестицияларын коркунучка кептеп турат".
Дагы бир урунттуу учур – чет элдик каржылык уюмдардан, эң оболу америкалык банктардан көз карандысыздык. "Каржылык каатчылык маалында алар Европа биримдигиндеги ишмердигин кыскартып, өздөрүнүн ички рыногуна басым жасай турганы турулуу иш", — деген пикирде долбоордун демилгечилери.
"Евронун эл аралык ролун күчөтүү биздин экономиканы жана каржылык тутумду валюталык солгундоолордон коргоп, башка валюталардан көз карандылыкты басаңдатып, алда канча төмөн транзакциялык жана финансылык чыгымдарды камсыздайт", — дейт экономикалык маселелер боюнча еврокомиссар Паоло Жентилони.

Долларга альтернатива

Европалык борбордук банктын маалыматына караганда, евро дүйнөдө кеңири колдонулушу боюнча доллардан кийинки сапта турат. Пандемиядан кийинки Европанын экономикасынын 750 миллиард евро көлөмүндөгү калыптандыруу фонду чөлкөмдөгү орток валютанын баркын ого бетер көтөрөт. Европалыктар жашыл деп аталган облигацияларга айрыкча басым жасоодо. Бул экологиялык долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн колдонулган карыздык инструменттер.
750 миллиарддын үчтөн бири ушул жаатка сарпталат. Долбоордо чечмеленгендей, мында максат – Европа биримдигинин финансылык рынокторун "жашыл каржылоонун" глобалдык борборуна айлантуу. Евро туруктуу каржылык өндүрүмдөр көрсөтүлгөн валюта катарында бекемделет.
АКШнын Федералдык резервинин мурдагы жетекчиси Жанет Йеллен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Жаңы курамда: АКШнын Каржы министрлиги доллардын кунун кулатууга даяр
Долларга каршы дагы бир фактор – Европалык борбордук банктын "ЕБдин каржылык тейлөө жаатындагы ачык стратегиялык көз карандысыздыгын жана өз каржылык туруктуулугун коргоо жөндөмүн чыңдоо" үчүн санарип евро киргизүүгө умтулуусу. Америкалык маалымат каражаттары европалыктардын планы жүзөгө ашпай турганын жоромолдошот. "Саясат же мыйзам демилгелери жагынан алып караганда Европа биримдиги көп нерсеге жөндөмсүз" экенин белгилейт Bloomberg агенттиги.
Биринчи кезекте европалык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер буга тоскоол. Бирок алдыңкы инвестициялык банктардын баасы боюнча доллардын абалы анчалык деле чексиз эмес. Бара-бара Евробиримдиктин карыз милдеттенмелери АКШ казыналык облигацияларына альтернативага айланышына көзү ачыктык кылат JP Morgan. Бул дүйнөлүк валюталык резервдердин диверсификациясын өбөлгөлөп, ал эми доллардын үлүшү натыйжада 1990-жылдардагы минимумга жетиши ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0