Балаңдын достору жакпаса эмне кылуу керек? Адистин ата-энеге кеңеши

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМектепте физкультура сабагында балдар. Архив
Мектепте физкультура сабагында балдар.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, чоңдордон айырмаланып балдар менен өспүрүмдөр дос күтүүдө чындап жан дүйнөсүнө жакын адамдарды издейт.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ата-эне баласынын дос күтүү процессине кийлигишпей эле койгону жакшы. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине психолог жана педагог Катерина Дёмина билдирди.
Адистин айтымында, чоңдордон айырмаланып балдар менен өспүрүмдөр дос күтүүдө чындап жан дүйнөсүнө жакын адамдарды издейт.
"Чоң кишилер көбүнесе кимдир бирөө менен жакын мамиледе болуп, алыш-бериш тууралуу маселе жаралганда өзүнүн пайдасын көбүрөөк ойлойт. Ал адамды өз жашоосуна киргизерден мурда кандай пайдасы же зыяны бар экенин таразалайт. Бул кадыресе көрүнүш. Ал эми кичине балдар же өспүрүмдөр көпчүлүк учурда тил табышып, жан дүйнөсү туура келген теңтуштарына ыктайт. Андыктан баланын дос күтүү процессине сырттан көз салгыла, бирок аша чаап кийлигише берүү туура эмес", — деди Дёмина.
Анткен менен адис кандай учурда ата-эне баласынын достору менен мамилесине аралашса болорун да айта кетти.
Телефон колдонуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала канча жаштан тарта социалдык тармакка катталса болот. Адистин кеңеши
"Кээде чындап эле баланы досторунан "куткарууга" туура келип калат. Мисалы, ал баңгизат, ичимдик сыяктуу жат көрүнүштөргө үндөсө, аралаштырса же сиздин балаңыздын ишениминен пайдаланып жөн гана колдонуп жүрсө, албетте, ата-эне жагдайды өз колуна алышы керек. Бул достук эмес, таптакыр башка маселе", — деп түшүндүрдү адис.
Ошондой эле ал ата-энелерге бала 7-8 жаштан өтүп калгандан кийин башка балдар менен өз алдынча мамиле курганды үйрөтүүгө чакырып кетти. Анткени адамдын бул курактагы башкалар менен сүйлөшө билүүсү анын мындан кийинки өмүрүндө чоң роль ойнойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0