https://sputnik.kg/20210120/medicina-salamattyk-saktoo-reforma-optimaldashtyruu-plan-1051165391.html
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштаганынын себебин айтты. 20.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-20T10:44+0600
2021-01-20T10:44+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
кыргызстан
радио
алымкадыр бейшеналиев
медицина
кыскартуу
министр
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956576_0:129:3067:1854_1920x0_80_0_0_18d0e3cd48eeba87e6d43d6bced16fb6.jpg
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
Sputnik Кыргызстан
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1f/1050956576_313:0:3042:2047_1920x0_80_0_0_8bff0635aabfba86ea694e766e9f7d51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, медицина, кыскартуу, министр
коом, кыргызстан, алымкадыр бейшеналиев, медицина, кыскартуу, министр
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
10:44 20.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштаганынын себебин айтты.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.