https://sputnik.kg/20210118/rossiyada-covid-19ga-karshy-zhapyrt-emd-bashtaldy-1051141890.html
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
Sputnik Кыргызстан
Элди жапырт эмдөөнү 18-январдан тарта баштоо туурасында өткөн жумада президент Владимир Путин айткан эле. Каалагандар катталган эки вакцинанын бирин ала... 18.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-18T11:09+0600
2021-01-18T11:09+0600
2022-01-21T04:07+0600
дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар
дүйнөдө
россия
коом
вакцина
"спутник v" вакцинасы
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051141212_0:151:2951:1820_1920x0_80_0_0_f526611ada7cfaeb3b5d36bbc8d1b125.jpg
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россиянын бардык жеринде бүгүндөн, 18-январдан тарта, коронавируска каршы жапырт эмдөө башталгандыгын РИА Новости жазды.Россиялыктар каттоодон өткөн "Спутник V" же "ЭпиВакКорона" вакциналарынын бирин өзүнүн тандоосу менен ала алат. Эмдөө бекер.Былтыр декабрда Россияда жарандардын аныкталган категориясына эмдөө жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания башталган. Ириде медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, өнөкөт оорусу барларга жана социалдык тейлөө тармагында иштегендерге жасалган.13-январда Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коронавируска каршы эмдөөнү жапырт жасоо боюнча тапшырма берген.Көп убакыт өтпөй Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аймактарда COVID-19га каршы вакцинаны сайган жайларды көбөйтүү ишин колго алган.Учурда Россияда "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары иштелип чыкты.
https://sputnik.kg/20210111/sputnik-v-vakcina-1-5-mln-kishi-aldy-1051065488.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051141212_0:58:2951:1913_1920x0_80_0_0_a604afb992686a416589129b597e5e9b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, дүйнөдө, россия, коом, вакцина, "спутник v" вакцинасы
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, дүйнөдө, россия, коом, вакцина, "спутник v" вакцинасы
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
11:09 18.01.2021 (Жаңыртылды: 04:07 21.01.2022) Элди жапырт эмдөөнү 18-январдан тарта баштоо туурасында өткөн жумада президент Владимир Путин айткан эле. Каалагандар катталган эки вакцинанын бирин ала алышат.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россиянын бардык жеринде бүгүндөн, 18-январдан тарта, коронавируска каршы жапырт эмдөө башталгандыгын
РИА Новости жазды.
Россиялыктар каттоодон өткөн "Спутник V" же "ЭпиВакКорона" вакциналарынын бирин өзүнүн тандоосу менен ала алат. Эмдөө бекер.
Былтыр декабрда Россияда жарандардын аныкталган категориясына эмдөө жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания башталган. Ириде медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, өнөкөт оорусу барларга жана социалдык тейлөө тармагында иштегендерге жасалган.
13-январда Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коронавируска каршы эмдөөнү жапырт жасоо боюнча тапшырма берген.
Көп убакыт өтпөй Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аймактарда COVID-19га каршы вакцинаны сайган жайларды көбөйтүү ишин колго алган.
Учурда Россияда "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары иштелип чыкты.