Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүCоветский и кыргызский кинорежиссер, сценарист и актер Болотбек Шамшиев
Cоветский и кыргызский кинорежиссер, сценарист и актер Болотбек Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү режиссёр, СССРдин жана КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин туулган күнү. "Кыргыз кереметинин" жаралуусунун сап башында турган инсандын көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок.
Союз маалында "кыргыз кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири "Манасчы", "Чабан", "Караш-караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги режиссёрлордун катарына кирген. Ал эмгектердин айрымдары азыркыга чейин чет элдик ЖОЖдордо мыкты кино тартуунун үлгүсү катары жаштарга көргөзүлүп келүүдө.
СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт... Болот Шамшиевдин акыркы маеги. Аудио
Sputnik Кыргызстан агенттиги заманыбыздын залкарын эскерип, анын артында калган баа жеткис мурастары жөнүндө кеп кылат. 
© Фото / Александр ФедоровНургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин "Биздин үмүттөрдүн куштары" фильминде Тимурдун ролун аткарган
Нургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин Биздин үмүттөрдүн куштары фильминде Тимурдун ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
1/8
Нургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин "Биздин үмүттөрдүн куштары" фильминде Тимурдун ролун аткарган
© Sputnik / Александр Федоров"Манасчы" документалдык фильми Шамшиевдин эң биринчи эмгектеринен
Манасчы документалдык фильми Шамшиевдин эң биринчи эмгектеринен - Sputnik Кыргызстан
2/8
"Манасчы" документалдык фильми Шамшиевдин эң биринчи эмгектеринен
© Фото / Александр ФедоровСүймөнкул Чокморов Бактыгулдун ролунда
Сүймөнкул Чокморов Бактыгулдун ролунда
 - Sputnik Кыргызстан
3/8
Сүймөнкул Чокморов Бактыгулдун ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса Айтурган Темирова Каличанын образында. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары"
Актриса Айтурган Темирова Каличанын образында. Ысык-Көлдүн кызгалдактары - Sputnik Кыргызстан
4/8
Актриса Айтурган Темирова Каличанын образында. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары"
© Фото / Александр ФедоровТеатр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева съемка учурунда
Театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева съемка учурунда - Sputnik Кыргызстан
5/8
Театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева съемка учурунда
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Эрте келген турналар" фильми
Эрте келген турналар фильми - Sputnik Кыргызстан
6/8
"Эрте келген турналар" фильми
© Фото / Александр Федоров"Бөрү зындан" фильми
Бөрү зындан фильми - Sputnik Кыргызстан
7/8
"Бөрү зындан" фильми
© Фото / Александр ФедоровАктриса Алиман Жангорозова менен. "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартып жаткан учур
Актриса Алиман Жангорозова менен. Фудзиямадагы кадыр түн тасмасын тартып жаткан учур - Sputnik Кыргызстан
8/8
Актриса Алиман Жангорозова менен. "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартып жаткан учур
1/8
Нургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин "Биздин үмүттөрдүн куштары" фильминде Тимурдун ролун аткарган
2/8
"Манасчы" документалдык фильми Шамшиевдин эң биринчи эмгектеринен
3/8
Сүймөнкул Чокморов Бактыгулдун ролунда
4/8
Актриса Айтурган Темирова Каличанын образында. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары"
5/8
Театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева съемка учурунда
6/8
"Эрте келген турналар" фильми
7/8
"Бөрү зындан" фильми
8/8
Актриса Алиман Жангорозова менен. "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартып жаткан учур

Көк бөрүнүн атасы

КРдин эл артисти 1996-жылы тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыгып, спорттун бул түрүнүн эл арасында кеңири жайылышына шарт түзүлгөн. 
Ошол жылдары Шамшиевдин жанында жүрүп, улуттук спорт боюнча алгачкы мелдештерди уюштуруп калган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун айтымында, режиссёрду "көк бөрүнүн атасы" деп койсок болот.  
© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти Болот Шамшиев 1996-жылы тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыгып, спорттун бул түрүнүн эл арасында кеңири жайылышына шарт түзүлгөн 
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1996-жылы тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыгып, спорттун бул түрүнүн эл арасында кеңири жайылышына шарт түзүлгөн 
"Кыргыздын улуттук оюндарынын өнүгүүсүнө Болот Шамшиевдин эмгеги зор. Ал биринчилерден болуп оюнга калыстык кылып, эрежени иштеп чыгып, биз менен чогуу ойноп, көк бөрүнү жолго салган. Ат майданда бозала чаң болуп командадагы оюнчулардын санын, борбордук айлампа, сырткы чийиндерди иштеп чыгып, оюнчулардын коопсуздугун эске алган тартиптерди киргизген. Себеби ага чейин оюн талаасынын ортосуна ташталган улакты көздөй эки командынын төрт-бештен оюнчусу эки жактан атты катуу чаап келип талашчу. Минген аттар бири-бири менен сүзүшүп, спортчулар оор жаракат алып калуу тобокелчилиги бар болчу. Мындан сырткары, ага чейин тай казаны жок эле ойноп спортчулар талашып-тартышып, чырдашып эле отурчубуз. Тай казан киргенде оюн кыйла кызыктуу болуп, беттештин кульминациялык бөлүгүнө айланды. Ошонун аркасында бизге Казакстандан бери улакчылар келе баштаган. Анын жасаган ишин эл, улакчылар эч качан унутпайт, көк бөрүнүн атасы аталып кала берет", — деди Азарматов.
2001-жылы киночунун демилгеси менен Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделип, анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип, "Көк бөрү" деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. 

Кагазда калган пьеса, сценарийлер

Союз тарагандан кийин режиссёрдун башка тасмалардын үстүнөн иштеген, бирок түрдүү себептерден улам аларды тартууга мүмкүнчүлүк болбой, КРдин эл артисти жалпы 30 жылдай режиссёрлук кесибин аркалай албай калган.
Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев атасы 2000-жылдардын башынан баштап көбүнчө сценарий жазуу менен алпурушканын айтып берди.
"Атам 2000-жылдары көп күчүн сценарий жазууга жумшап, киноповесть, киноромандарды кагаз бетине түшүрүп гана тим болбостон, аны андан ары тасма кылып көрүүчүлөргө сунуштоо ниети да бар эле. Азыр "Эсимде" жана "Баатыр жүрөк Кааба" китептери гана чыкты. Атамдын алдыда элге сунуштай турган адабий мурастары толтура, буюрса аларды калайык калкка жеткирүүгө аракет кылабыз", — деди Шамшиев.
Ал, андан сырткары, СССРдин эл артистинин калемине таандык "Курманбек" пьесасы жазылып бүтүп, сахнага коюлбай калганын баса белгиледи. 

Ишке ашпай калган ири долбоор жана изилдөөлөр

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, долбоор жазып мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого аракет кылган.
"Атам эгемендүүлүк жылдары "Манас" жөнүндө тасма тартууга көп аракет кылып Кыргызстанда, чет өлкөдө акча издеп жүрдү. Узак жылдар бою ошол кыялы менен жашады. Манас жөнүндө кинокартинанын беш миллион долларга эмес, дүйнөнү дүңгүрөткүдөй кылып 100 миллион долларга тартуу зарыл деп, "бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек" дечү", — деп кошумчалады Чыңгыз Шамшиев.
II жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси чыгармачылыгында катуу изденип, күндөп архивде отуруп, чыгармасындагы каармандарына тиешелүү адамдарды алыскы айылга чейин издеп барчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0