Үмүт жандырчу божомол: 2021-жылы мунайдын наркы канчага чыгат?

© REUTERS / Ernest Scheyder / File PhotoМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай баасы сегиз ай бою эң жогорку деңгээлде кармалды. Вакцина жана ОПЕК+ чечимдери жөнүндөгү кабарларга рыноктун реакциясы ушундай болду.
Талдоочулар дүйнөлүк экономиканын жанданышын, кара алтынга болгон чектөөлөрдүн алынышын жана суроо-талаптын өсүшүн күтүүдө. Баалар жаңырган жылы канчага көтөрүлүшү мүмкүн экенин РИА Новости агенттигине жарыяланган Наталья Дембинскаянын макаласынан окуңуздар.

Жай жылыштар

2020-жылы дүйнөлүк мунай рыногу солгундоонун бир нече толкунуна тушукту. Буга бир топ факторлордун топтому таасир этти, алардын негизгилери талаптын кескин ылдыйлашында сырьену кайра өндүрүү жана бардык жактан чектөө болуп саналат.
Былтыр март айында эле мунай эки эседен ашуун көлөмгө арзандаган. Бирок күз аяктап калганда рынокко түрткү берчү көрүнүштөр болду, атасак, Батышта жасалган ийгиликтүү сыноолор тууралуу кабарлар, АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы...
Жаңы жылдык орнотууда медициналык маска кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды
Жо Байден — жашыл (экологияга зыяны жок) технологиялардын жактоочусу, Дональд Трамптан айырмаланып ал америкалык мунайчыларды колдобойт. Коронавируска каршы күрөш күч алып, ийгилиги артып барат. Белгилүү Reuters да мунайга суроо-талап өсөрүн боолголойт.
Анткен менен оптимизмге деле карабай, абал мурдагыдай эле туруксуз. Fitch эл аралык рейтингдик агенттиги мунайга болгон суроо-талап калкты эмдөө тездик менен жүрсө гана калыптанарын болжойт. Анан да талдоочулардын пикиринде жакшыруулар "мээлүүн" болмокчу.

ОПЕК+ айран таң калтырды

Декабрдын башында ОПЕК+ альянсына мүчө-өлкөлөр январда мунай алууну суткасына 500 миң баррелге жогорулатууну чечишкен. Андан кийинки кадамдар ар бир айдагы министрлер жыйынынын корутундуларына жараша аныкталат. Ошону менен бирге эле жаңы макулдашуулардын мөөнөтү коюлган эмес. Коюлган баалар дароо сегиз айлык максимумга чыкты. Brent үлгүсүнүн баррели 50 долларга чукулдап барат. Рубль да бир топ бекемделди.
ОПЕК+ чечими күтүүсүздөй туюлат, себеби пандемиянын экинчи толкуну али аяктай элек. Мунайга суроо-талаптын калыптануусу жай. Бирок макулдашылган жогорулатуу – январда күтүлгөн жагдайлардын чейрек гана бөлүгү. Оюнчуларга бул – белги, альянс рыноктун жанданышына үмүттөнөт, ошол эле убакта каалаган убакта өндүрүштү чектөөгө даяр.
"Биз акырындап бирдей кадамдар менен мунай казууну макулдашууда каралган деңгээлге чейин калыптандыруудабыз. Тил табышуунун маңызы ушунда. Биз умтулган абалга ушул кварталда жетебиз деген үмүттөбүз", — деп түшүндүрөт Россиянын вице-премьери Александр Новак.

Түшүнүксүз жагдай

Аналитиктер мунай алууну жай ыргакта жогорулатуу боюнча ОПЕК+ жактырылган вариант технологиялык өзгөчөлүктөрү жана узартылган инфраструктурасынан улам Россияга пайдалуу экенин белгилешет. Бирок жыл башында мунай рыногунда сунуш ашыкча болушу мүмкүн.
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдын жыйынтыгы: дүйнөлүк газ рыногундагы "катуу бороон"
"Суроо-талап экинчи кварталга болжонгондой жогоруласа апрелде мунай казуу суткасына эки миллион баррелге, болгону 96,1 миллионго өсөт. 1-январдан соң сунуштун суроо-талаптан ашышы Brent үлгүсүнө коюлган баалар жакынкы беш ай аралыгында дал декабрда гана орун алганын билдирет", — деп белгилейт "Фридом Финанс" инвестициялык компаниясынын аналитиги Евгений Миронюк.
Компаниядагылар жыл ичинде баалар коронавируска каршы эмдөө жана чек аралык чектөөлөрдү жоюунун натыйжасына жараша 40-60 долларга чыгат деп боолголошот. Ошентсе да күтүлбөгөн жагымсыз жагдайлар кырдаалды өзгөртүп кое алат. Себеби мунай өндүрүүчүлөрдүн баары тегиз альянска мүчө эмес, аларга кен казууну көбөйтүүгө эч нерсе бөгөт боло албайт. Маселен, АКШ акыркы айларда өндүрүштү миллион баррелге көбөйттү.
"Мындан улам биринчи кварталда мунай баасы 40-42 долларга чейин төмөндөшү мүмкүн, ал эми кийин дүйнөлүк державалар пандемиядан кандай абалда чыгарына жараша", — деген оюн айтат QBF ( Quant-Based Funds) инвестициялык компаниясынын улук аналитиги Олег Богданов.
"2021-жылы мунай баалары баррелине 37-42 доллардын тегерегинде көрсөтүлүүдө. Баага пандемия жана анын кесепеттери, ошондой эле өз бюджеттерин толуктоо үчүн кен казууну жогорулатууга ОПЕК+ альянсынын умтулуусу кысым жасайт", — деп кошумчалайт Россиядагы "РГС Банктын" казыналыгынын директору Владимир Волков.

Алтымышка дейре

Нефть казуучу платформа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нефтини кайра иштетүү боюнча Кытай АКШдан озуп баратат. Мындан Россия утабы?

Бир тараптан америкалык белдүү банктар мунай 60 долларга чейин кымбаттаарын, Goldman Sachs (дүйнөдөгү эң ири инвестициялык банктардын бири) — 65 долларга чейин чыгышын жоромолдойт. Ошону менен бирге эле кышкысын керектөө суткасына үч миллион баррелге кыскарат. Бул жылытууга суроо-талап жана коронавируска каршы күрөштө баарынан жакшыраак эптештирип жаткан Кытайдын сатып алуулары менен жарым-жартылай компенсацияланат.

"Бирок кышкы көйгөйлөр — COVID-19дун экинчи толкуну сымал эле мунай рыногун калыбына келтирүү жолундагы чакан гана жолтоо", — деп жазышат банктын аналитиктери өз түрмөгүндө.
Bank of America (BofA) Brent үлгүсү биринчи жарым жылдыктын аягында 60 долларга чейин чыгарын болжойт.
Эксперттер Батыштагы жапырт эмдөөдөн улам кыймылга чектөөлөрдү жоюуну күтүп жатышат. Мунайды дүйнөлүк керектөөнүн жарымынан көбүн камсыз кылган суюк отунга болгон суроо-талап суткасына 1,6 миллион баррелге чейин таңсыктык жаратарын боолголойт Америка банкындагылар (BofA). Миллиард баррелге ашыкча толтурулган коммерциялык мунай сактагычтар ачылат.
Мунайдын жылдык орточо баасы 50 долларды түзөрү айтылат аталган банктын түрмөгүндө. Бирок негизги тобокелдиктердин бирин – Ирандан санкциянын алынышын эстен чыгарбоо керек. Мындай көрүнүш Байдендин тушунда орун алышы, дүйнөлүк рынокко ирандык баррелдердин ыкчам кайтарылышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0