Америкалыктар ИДП боюнча да артта калары боолголонууда. Бирок айрым аналитиктердин айтымында, кытайлыктарга пандемия тоскоол болушу мүмкүн. Абалга РИА Новости сереп салды.
Лидердин алмашуусу
КЭРдин мамлекеттик статистика бюросунун маалыматы боюнча, октябрда нефтини кайра иштетүү эки жарым эсеге көбөйүп, суткасына 14,09 миллион баррелге жеткен. Бул тарыхтагы рекорддук көрсөткүч. АКШда бул убакытта болгону 13,5 миллион баррель болчу.
Кытайлыктар муну менен эле токтоп калгысы жок. Кийинки жылдын соңунда нефтини кайра иштетүүчү эки завод ачыларын Эл аралык энергетика комитети ноябрдагы докладында айтты. Өндүрүш негизи 2023-жылы ишке кирет деп пландалган болчу.
Мындан тышкары, жалпы кубаттуулугу суткасына 1,2 миллион баррелге жеткен дагы төрт завод курулуп жатат. Мынча көлөмдү, мисалы, Улуу Британия өзү араң өндүрөт.
Кытай ондогон жылдардан бери бензин менен дизелге болгон суроо-талапты канааттандырууга аракет кылып келет. Эми минтип берекесин көрө баштаганы калды.
"2000-жылдан бери өлкө мунай зат өндүрүүнү үч эсе жогорулатты. 2025-жылга чейин суткасына 20 миллион баррелге чейинки көрсөткүчкө жетет", — деди ТелеТрейд маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.
Маектеш АКШ өткөн кылымдан бери ээлеп келе жаткан биринчи орундан 2021-жылы эле сүрүлөрүн белгиледи.
Мунайга дүйнө жүзүндө да суроо-талап төмөндөдү. Андыктан нефтини кайра иштетүү 1,7 миллион баррелге чейин түштү. Мунун басымдуу бөлүгү дал ушул америкалык заводдорго туура келет. "Айрымдары жабылып, дагы бири модернизициялоого муктаж. Кээсин жыл сайын Мексика куймасынын жээгинен өтчү урагандан кийин калыбына келтирүү керек", — деп оюн улантты Гойхман.
Жашыл энергетика: ким жеңип, ким жеңилет
Кытайдын ийгилигинин дагы бир сыры — коронавирус менен натыйжалуу күрөшү. Бул тууралуу "Алор Брокердин" башкы аналитиги Алексей Антонов билдирди. Анын айтымында, КЭР экономикасы калыбына келип, туруктуулугун көрсөтүп жатса, Европа менен АКШ начарлоонун үстүндө.
Кытайлыктардын нефть иштетүүдө эле эмес, металлургияда да алдыда экени кокусунан эмес. Гойхман ушундай эле тенденция Индияда, Жакынкы Чыгышта да байкалып жатканын белгиледи. Мындай көрүнүш бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калган Батыштын, керек болсо Азиянын да компанияларынын жабылышын шарттап жатат.
Мындан тышкары, АКШ менен Европа акырындап көмүр суутегинен баш тартып, энергиянын альтернативдүү булактарына ыктоодо. Кытай болсо экологиялык милдеттемелерден бош.
Нефтиден көз каранды болгон Россия үчүн жашыл сценарий компаниялардын карызга батышын жана кирешенин азайышын шарттайт. "Чийки зат структурасын сактоо менен Россия экономикасы үчүн нефтини кайра иштетүү тармагында АКШнын лидерлиги алда канча пайдалуу", — дейт маектеш.
Марк Гойхман Россия 15-20 жылдан кийин нефтиден түшкөн кирешесинин ордун жаба турган башка булактар тууралуу ойлонушу кажет экенин белгиледи.
Жакынкы аралыкта Кытай мунай затты арбын колдонорун эске алып сырьену ушул багытта экспорттоого басым жасоо зарыл.
Пандемия: азиялык сценарий
Бирок бардык нерсе качандыр бир кезде соңуна чыгат. 2025-жылы КЭРдин өндүргөн продукциясынын көлөмү суроо-талаптан ашып кетиши толук ыктымал. Кытайдын CNPC нефть-газ корпорациясынын маалыматы боюнча, беш жылдан кийин нефть продуктулары суткасына 1,4 баррелге ашык өндүрүлө башташы мүмкүн.
"Азыр кытай нефть өндүрүүчүлөрү тышкы соодадагы чектөөсү үчүн АКШдан өч алып жаткандай. Мындай аракет менен өлкөнүн кадырын арттырууга да жан далбас жасалып жатат", — деп боолголоду Алексей Антонов.
"Пандемияга чейин Кытайда АКШ экономикасын озуп өтүү үчүн беш жыл керек эле. Эми коронавируска каршы майнаптуу күрөшүүнүн негизинде кытайлыктар алдыга эртерээк чыга алышат", — деди Гринштейн.
Ал эми АКШ позициясын алдырууга даярбы? Бул башка маселе. Америка истеблишменти көйгөйдү экономикалык жактан да, дипломатиялык жол менен да чечүүгө аракет жасаган. Бирок ишке ашкан жок. Эми бийликке бизнесмен-президенттин ордуна саясатчы-президент келе турган болду.
Анын үстүнө Кытайда кайра иштетилген мунай затка суроо-талаптын өсүшү эпидемиологиялык абалдын жакшырганынан кабар берет. Бирок экинчи толкун Азиядан кыйгап өтөрү күмөн. Индонезия, Япония жана Түштүк Кореяда оору катталып жатат. Мындай көрүнүш тараза ташын оодарып жибериши мүмкүн.