Эс алуу күндөрү балдар үчүн өтө турчу спорттук иш-чаралардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетиканын спортчусу. Архив
Оор атлетиканын спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мастер-класстарды балдарга спорт чеберлери жана чемпиондор өткөрөт. Спорттук иш-чаралар акысыз.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы 8-январдан 10-январга чейин ордо калаада балдар үчүн спорттук иш-чаралар өтө турганын кабарлап, тизмесин жарыялады.
"Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Эгер каникулду пайдалуу өткөрүүнү кааласаңыз, анда мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгы даярдаган спорттук мастер-класстарга катышкыла", — деп айтылат маалыматта.
8-9-10-январь күндөрү саат 10дон 12:00гө чейин оор атлетика боюнча спорт мектебинде Азия чемпионатындагы коло медалдын ээси, КРдин оор атлетика боюнча беш жолку чемпиону Бекдөөлөт Расулбеков мастер-класс өтөт. Дареги: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 41;
Бишкекте көркөм муз тепкен балдардын мелдеши өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көркөм муз тепкен балдардын мелдеши өттү. Видео
8-январь күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин теннис жана паралимпиада боюнча спорт мектебинде майыптыгы бар балдар үчүн пауэрлифтинг боюнча мастер-класс уюштурулат. Машыктыруучулар эл аралык класстагы спорт чеберлери Эсен Калиев менен Жыргал Орозаев. Дареги: Карасаев көчөсү, 10.
Мэрия мастер-класстар акысыз өтө турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0