https://sputnik.kg/20210106/bshk-sadyr-zhaparovgo-eskertuu-bergen-zhok-1051009234.html
БШК Садыр Жапаровго эскертүү бербей, уюштуруучуга чара көрүүнү чечти
БШК Садыр Жапаровго эскертүү бербей, уюштуруучуга чара көрүүнү чечти
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин БШКнын жумушчу тобу театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштаган. 06.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-06T15:07+0600
2021-01-06T15:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
бшк
садыр жапаров
эскертүү
сунуш
талапкер
кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050405309_0:204:1600:1109_1920x0_80_0_0_7af8517babd07c69aaa15c66f72c42d9.jpg
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында чечим кабыл алынды.Жыйында Жапаровго эскертүү берүүгө БШКнын беш мүчөсү макул болуп, калганы каршы добуш бергендиктен сунуш өтпөй калды.Анын ордуна театрлаштырылган көрсөтмөнүн уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимди колдошту.Буга чейин соцтармактарга Жети акенин кийимин кийген актёрлор Садыр Жапаровго бата берди делген сүрөт тараган.Эске салсак, Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 1-беренесинин 10-пунктундагы 2-бөлүгүнө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бир нече ирет бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
https://sputnik.kg/20210104/prezidenttikke-talapkerler-105-mln-som-korotup-koyushtu-1050993625.html
https://sputnik.kg/20201231/ktrk-detattyn-videosu-ochuruu-1050961899.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050405309_0:104:1600:1109_1920x0_80_0_0_dd0a724ab9f4f30ac0f213f40e689a89.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, бшк, садыр жапаров, эскертүү, сунуш, талапкер, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, бшк, садыр жапаров, эскертүү, сунуш, талапкер, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
БШК Садыр Жапаровго эскертүү бербей, уюштуруучуга чара көрүүнү чечти
15:07 06.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин БШКнын жумушчу тобу театрлаштырылган көрсөтмө боюнча талапкерге расмий эскертүү берүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер
Садыр Жапаровго эскертүү берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында чечим кабыл алынды.
Жыйында Жапаровго эскертүү берүүгө БШКнын беш мүчөсү макул болуп, калганы каршы добуш бергендиктен сунуш өтпөй калды.
Анын ордуна театрлаштырылган көрсөтмөнүн уюштуруучусун Тартип бузуу кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуш кылыш керек деген чечимди колдошту.
Буга чейин соцтармактарга Жети акенин кийимин кийген актёрлор Садыр Жапаровго бата берди делген сүрөт тараган.
31 Бештин айы 2020, 16:25
Эске салсак, Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 1-беренесинин 10-пунктундагы 2-бөлүгүнө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежеси бир нече ирет бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.