Полициянын алты кызматкери каза тапты. Афганистандагы окуя

© AFP / FARIDULLAH AHMADZAI Афганистанда "Талибан" кыймылын мүчөлөрү. Архив
Афганистанда Талибан кыймылын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын жергиликтүү бөлүмү жума күнү Батикот округунда буктурмага кабылган. Анын кесепетинен командири баш болуп алты кызматкер курман болуп, төртөө жаракат алган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Афганистанда "Талибан" кыймылы жасаган буктурмага эң кеминде полициянын алты кызматкери кабылып, каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости жеке маалымат булагына таянып жазды.
Окуя Афганистандын чыгыш жагында жайгашкан Нангархар провинциясында болгон.
Маалымат берген тараптын айтымына караганда, полициянын жергиликтүү бөлүмү жума күнү Батикот округунда буктурмага кабылган. Анын кесепетинен командири баш болуп алты кызматкер курман болгон. Андан сырткары полициянын төрт кызматкери жаракат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0