АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү кыскача эле баары ийгиликтүү өткөнүн кабарлап коюшту. Block V боюнча эмне белгилүү, алардын жанында россиялык "Калибрлер" кандай көрүнөрү тууралуу Андрей Коцтун РИА Новости сайтына жарыяланган макаласынан окуңуздар.
Эки вариант
Block V ракетасынын иштелип чыгышы боюнча Пентагондогулар Кытайдын аскердик-деңиз дараметин күчтөндүрүүнүн ыкчам ыргагы менен актанат. КЭР чындап эле суудагы ири кемелерди жана суу түбүндөгү кайыктарды өтө тездик менен куруп, алардын куралданышы жана борттук тутумдарын кызуу өрчүтүп келет. Америкалыктар Дүйнөлүк океандагы артыкчылыгынан ажырап калуудан чочулашат. Эксперттердин баасында Кытай 2035-жылы 420 вымпелге жеткирет.
Биринчи версиясы Block Va деп белгиленип, суудагы буталарга каршы кемелер жана суу түбүндөгү кайыктар менен колдонулат. Бул вариантты MST (Maritime Strike Tomahawk —"Томагавк" деңиздеги сокку уруучу) деп аташты. Адистердин пикиринде, ал өзү мээлөөчүнүн активдүү жана пассивдүү радиолокациялык жана тепловизиондук каналдарын айкалыштырат. Ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун кубаттуу процессору жана инерциялык мээлөөнүн жаңы блогу менен жабдылат. Бул "Томагавк" 1600 чакырымга чейинки аралыктан суудагы ири кыймылдуу буталарды кыйрата алат.
Block Vb варианты да бар. Бул – жер үстүндөгү буталарга сокку уруучу "классикалык" "Томагавктар". Анын тешип өтүүчү учу бар кумулятивдик кубаттагычы айкалышкан жаңы Joint Multiple Effects Warhead System (JMEWS) курал бөлүгү бар.
Жардыргычы — программаланган, көп буталуу, ок-дары бөлүгүн абада жардыра алат. Бул ракета бекитилген жер төлөдөгү бункерлер да, кадимки аскердик объектилерге да багытталат.
Беш себеп
Defense News интернет порталынын адистери эмнеликтен "Томагавктар" бүгүн да – үндөн ыкчам жана гипер үндүү куралдар кылымында да актуалдуу экенин түшүндүрүшөт. Биринчиден, Block V мурдагы варианттарынан алда канча таамай, ал эми аралыгы боюнча Азиялык-Тынч океан аймагында кытайлык DF-26 жана DF-21 ракеталарына туруштук бере алат. Экинчиден, модификацияланган "Томагавк" радиоактивдүү күрөш каражаттарына корголгон, анча байкалгыч технологияны пайдалануу менен жасашкан. Бул анын бышыктыгын кыйла арттырат.
Үчүнчүдөн, ракеталардын үнгө чейинки ылдамдыгы ыкчам атаандашка караганда артыкчылык берет. Бешинчи версиядагы "Томагавк" күйүүчү майды чыгымдоодо сарамжалдуу, анын натыйжалуу аракетинин ыраактыгы да алда канча жогору. Төртүнчүдөн, бул ракета салыштырмалуу арзан.
Негизги атаандаш
Америкалык "Томагавктарга" окшошураак деп Россияда алгач ирет 2015-жылдын күзүндө согуштук шарттарда сыналган канаттуу "Калибр" ракеталары саналат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери бир эле убакта Сирияда террорчулардын 26 объектисин жаңы курал менен чабуул коюп, дээрлик бардыгын ийгиликтүү кыйрата алган.
Мындай ракеталар менен 22350 жана 11356 долбоорлорунун фрегаттары, 20385 долбоорунун корветтери, 21631 жана 22800 долбоорлорунун чакан ракеталык кемелери, ошондой эле 885, 636.3, 677, 971 жана 877 долбоорлорунун суу түбүндөгү кайыктары жабдылган. Жакынкы келечекте совет убагындагы курулган вымпелдердин бир бөлүгүн "Калибр" үчүн кайра жабдышат.
Жер бетиндеги объектилерди атуу үчүн аралык эки чакырымдан 2600 чакырымга чейин. Бирок бул дагы жеткен чеги эмес. 2018-жылдын январында айрым маалымат каражаттары Коргоо министрлигинин булактарына таянуу менен Россияда кемеге жайгаштырылчу заманбапташтырылган "Калибр-М" ракетасы жасалып жатканын маалымдашкан. Анын атууда эң жогорку аралыгы 4,5 миң чакырымдан ашуун. Жаңы ракета мурдагыларынан көлөмдүү, ал эми ок-дары бөлүгүнүн салмагы тоннага чукулдай турганын белгилешет.
Ракета кадимки да, өзөктүк да учактарды ташый алат.
Алынган маалыматтарга караганда, "Калибр-М" тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча америкалык жаңы "Томагавктардан" ашып түшөт. Бирок америкалыктардыкына салыштырмалуу айныгыс артыкчылыгы — ташуучу канаттуу ракеталардын санында.
Кошмо Штаттардын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жүздөн ашуун суу бетиндеги жана суу түбүндөгү вымпелдери бар. Алар таамай атчу куралдар менен көп куралданган.
Россиянын мындай кемелеринин саны бүгүнкү күндө 20дан ашат.