Азиялык-Тынч океан аймагындагы аба мейкиндигин РФ жана КЭРдин стратегиялык бомбалоочуларынын биргелешкен күзөтүүсү АКШ жана анын союздаштарынын аскердик базаларынын өтө чабалдыгын көрсөттү.
Россиянын Аба-космостук күчтөрүнө таандык эки Ту-95МС жана Кытайдын Аскердик-аба күчтөрүнүн төрт "Хун-6К" учагынан турган авиатоп 22-декабрда Япония жана Чыгыш Кытай деңиздеринин акваториясынын үстүндө 10 саатка созулган аба күзөтүн ийгиликтүү аякташты. Абада аларды башкаруу учактардын радиолокациялык байкоо жана А-50У мээлөөсүнүн эсептери менен жүргүзүлдү.
"Стратегдердин" багыттарынын айрым тилкелеринде РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн Су-35С, ошондой эле тревога боюнча асманга көтөрүлгөн япониялык Аскер-аба күчтөрүнүн F-15 истребителдери коштоп жүрүштү.
Коюлган тапшырманы аткарууда учактар эл аралык укуктун алкагында иштеп, коңшу мамлекеттердин аба мейкиндигине киришкен жок. РФ Коргоо министрлиги миссия пландык мүнөздө экенин, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын, эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттешүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болорун баса белгиледи.
Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн штабдарынын жетекчилеринин бириккен комитети авиатоп "абадан коргонуу идентификация зонасына" бир нече ирет киргенин маалымдады. 19 россиялык жана кытайлык аскердик учактын абадан коргонуунун аныкталган аймагына "аяк басышына" жооп катары Түштүк Кореянын Аскердик-аба күчтөрү да өз истребителдерин чыгарган. Батыш державалары россиялык-кытайлык аскердик кызматташтыктын өрчүшүн "коопсуздукка олуттуу коркунуч" деп атаса, АКШ Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү аймакта күчтөрдүн тең салмактуулугу алардын пайдасына өзгөрбөгөнүн билдиришти.
Күзөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
Биргелешкен россиялык-кытайлык миссия 22-декабрдын таңында башталды. Төрт кытай бомбалоочу учагы "абадан коргонуу идентификация зонасына" Йодо аралы (Чыгыш-Кытай деңизи) тараптан киргенде операция аймагында 15 россиялык учак болгон. Алар Япониялык деңиздеги Такэсима аралына (Лианкур) жанынан түндүктөн түштүккө карай андан мурда өтүп алышкан.
Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин штабдарынын бириккен комитетинин РФ менен КЭРдин "абадагы армадасына" карата тревогасына карабай Абадан коргонуу адистери улуттук аба мейкиндигинин эрежелерин аныктаган эмес.
Сеул тарабынан 2013-жылы бир тараптуу орнотулган "абадан коргонуунун идентификация зонасы" юридикалык жактан ага кирүү тууралуу алдын ала кабарлоого эч кимди милдеттендирбейт. Бирок ошентсе да кытай тарап биргелешкен машыгуулар тууралуу алдын ала эскерткен.
Америкалыктардын пикиринде, стратегиялык бомбалоочулар жана Россия менен Кытайдын деңизде чалгындоо каражаттары Түндүк Американын Аба-космостук күчтөрүнүн командачылыгынын (NORAD) мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, АКШнын чек араларында өздөрүн ишенимдүү сезишет.
Мурда The National Interest аналитикалык басылмасы: "Ыраак аралыктагы, "аба – аба" тибиндеги россиялык жана кытайлык ракеталардын жаңы мууну АКШ авиациясынын аракеттерин тескөө тармагынын маанилүү түйүндөрүнө кооптуулук жаратышы ыктымал. Бул түйүндөрдүн арасында АВАКС алыскы радиолокациялык кармоо жана эскертүү системасы, чалгындоо жана байкоонун ар кыл учактары, май куюучу учактар жана радиоэлектрондук басаңдатуучу авиациялык каражаттары бар", - деп жазат.
"Согуш кудайы" же кытайча "акесин таанытчу" учак
Кытайдын стратегиялык бомбалоочу "Хун-6К" учагы (шарттуу белгиси "Согуш кудайы") – эң заманбап модификация, ал Ту-16А учагын негиз катары алган (1950-жылдардын аягында КЭРге бир нече учак жана техникалык документация берилген).
Кытайдын абадагы "Узун кылыч-10К" (AKD-20) канаттуу ракеталарын кое берүүнүн максималдуу ыраактыгы ар кандай маалыматтарга ылайык 1600 чакырымдан 2500 чакырымга чейин. Душмандын жердеги объектилерин жок кылуу үчүн "аба – жер" классындагы KD-88 ракетасы да пайдаланышы мүмкүн. Ал инерциялык, телевизиондук жана мээлөөчү инфракызыл каналдар, ошондой эле учак-ташуучуга буталардын сүрөтүн өткөрүү үчүн эки каналдуу байланыш тутуму менен жабдылган.
Арсеналында үндөн ыкчам "Инцзи-12" жана "Инцзи-100" кемеге каршы ракеталары (кое берилгенде 400 жана 700 чакырымга чейин учат) бар, мисалы, авиаташуучу душмандын абадан коргонуу зонасына кирбей туруп кыйратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Америкалык эксперттер берген баага ылайык, "Стандрат-2" зениттик тескөөчү ракетасы "Инцзи-12 жана 100" кемеге каршы ракеталарын кармоого кепилдик бербейт.
"Хун-6К" бомбалоочу учагы кубаттуулугу 12 миң кгс/см болгон россиялык турбовентилятордук Д-30КП-2 кыймылдаткычы менен жабдылган. Планердин конструкциясына 30 пайыз композиттик материалдар киргизилген. Орто жолдо май куйбастан 5000 чакырымга чейин уча алат. Кыскасы, бул кытайча "акесин таанытуу" деп койсок болот. Россиялык "Медведь" менен аскердик шериктештикте "Хун-6Кнын" күчү бир топ эсе артат.
Континенттер аралык Ту-95 МС "Медведь" бомбалоочу ракета ташуучу учагы 5000 чакырымдан ашуун аралыктан сокку уруу жөндөмү менен дүйнөдө кеңири белгилүү.
Бейтарап суулардын үстүндө мындай машиналарды чет элдик "коштоо" потенциалдуу душмандын абийирин жууш үчүн гана кызмат кылышы мүмкүн. Согуштук кырдаалда "эскорт" жакындоого үлгүрбөйт. Зарыл болсо Ту-95МС алыстан, балким, РФтин аба мейкиндигинен ракеталык сокку урат.
Ыраактыгы боюнча Ту-95МС учагынын аскердик күзөтүү зонасына чек жок. Машина кошумча май куюусуз 15 миң чакырым аралыкка дейре уча алат. 2010-жылы "Медведдин" жолдо май куюу менен үч океандын үстүнөн учканда койгон рекорду 30 миң чакырымды түзгөн.
Ыраакка багытталган россиялык авиация 2020-жылы заманга ылайыкташтырылган алты Ту-95МС стратегиялык ракета ташуучу менен толукталган. Заманга бапташтырууда машинага акыркы үлгүдөгү авионика, борттук радиоэлектрондук комплекс жана башка жабдуулар орнотулат.
Алыскы авиациянын командачысы генерал-лейтенант Сергей Кобылаш мурдараак Ту-95МСнын заманбап башкаруу тутуму жана куралданышы буталарын бомба, тескелүүчү жана канаттуу ракеталар менен кыйратуунун так мүнөздөмөлөрүн кыйла жакшыртканын маалымдаган.
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу 2020-жылы россиялык чек араларга жакын жерлерде америкалык учак жана кемелердин чалгындоо жана демонстрациялык аракеттеринин интенсивдүүлүгү 15 пайызга өскөн. Россиянын батыш, түштүк жана чыгыш чек араларында бирдей өткөрүлгөн НАТОнун машыгуулары улам кайталанчу болду. Август-сентябрь айларында эле андай машыгууларга 55 аскердик учак, анын ичинде стратегиялык бомбалоочулар жана таамай атчу куралдарды ташуучу 12 кеме катышкан. Андай көрүнүшкө төп келе турган чара көрүү зарыл, ал эми 22-декабрдагы машыгуу буга татыктуу жооп болду көрүнөт.