00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент болом деген 4 талапкер бирикти. Себеби жана максаты

© SputnikЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке 18 талапкер ат салышып жаткан. Бүгүн анын ичинен төртөө журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Президенттикке ат салышып жаткан төрт талапкер биригип жатканын жар салды.

Бүгүн Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канат Исаев жана Каныбек Иманалиев ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүштү.

Мадумаров чогулган талапкерлер "криминалдык күчтөрдүн жардамы менен бийликти бир кишинин колуна өткөрүп жаткан саясий күчтөрдүн мыйзамсыз иштерине каршы" жыйын өткөрүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодогу мыйзам бузуу фактысы боюнча Бишкектин Административдик сотуна доо арыз менен кайрылганын белгилешти.

Ажо болом деген топтун айтымында, премьер-министрдин милдетин убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаров Конституциядагы бир катар нормаларды бузган. Алар Жапаровго карата чыккан соттун өкүмү боюнча чечимдердин мыйзамдуулугунан да күмөн санап жатканын айтышты.

"Биз амбицияларыбызды экинчи орунга коюп, мамлекет үчүн мыйзамсыздыкка каршы биригүүнү чечтик. Кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп жатат. Биздин эшик башка талапкерлерге да ачык", — деди Мадумаров.

Талапкерлер эми шайлоочулар менен чогуу жолугушууларды өткөрө турганын маалымдашты. Эгер шайлоонун экинчи туру өтө турган болсо, анда бир талапкерди көрсөтүшмөкчү.

Президенттикке  талапкерлердин бою, салмагы - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлердин бою жана салмагы. Рейтинг
Меморандумга кол койгондор өлкөдө башаламандык уюштурбай турганын белгилешти. Бирок шайлоонун өтүшүнө жараша тынчтык митингдер жана нааразычылык акциялары уюштурулушу ыктымал экени айтылган.

Буга чейин Мадумаров менен Исаев БШК Жапаровду мыйзамсыз каттаганын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кайрылышкан. Бирок БШК баары мыйзам чегинде болгон деген жооп кайтарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0