Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 21-декабрда Азербайжан менен чектешип турган Сүник облусуна келди. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, аталган облус өрчүп бараткан чыңалуу аймагына айланып бараткан. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет россиялык чек арачылардын аталган аймакта аткара турган вазийпасына токтолду.
Ал тургай облус жетекчилиги коопсуздук максатында жекшембиде тургундарды отун жаруу, мал жаюу жана башка чарбалык керектөөлөр үчүн Сүниктин армениялык аскер кызматкерлеринин кайтаруусундагы аймактан чыкпоого чакырган.
Жай жарандарга эч кандай коркунуч туулбайт. Армян жана азербайжан чек арачылары россиялык кесиптештери менен биргеликте Сүник облусундагы Горис – Капан мамлекеттер аралык автожолунун Воротан – Давид Бек тилкесинде чек арачылар тобун жайгаштырууда.
Сүник облусунда жана Зангелан менен Кубатлы калктуу пунктуларындагы тилкеде Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттик чек араны тактоо кыйын. Себеби жолдун "советтик" 21 чакырымдык тилкеси эки республиканын суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шайкеш келбейт. Жергиликтүү калк үчүн талуу маселе болгон демаркация процесси СССРдин карталары боюнча жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү аягына чыгып, жолдо коопсуз кыймылды камсыз кылат.
Жолдун Горис – Давид Бек тилкесинде тынымсыз кыймылды камсыз кылуу үчүн туруктуу негизде россиялык чек арачылар орун алууда. Мындан улам Россиянын ФСБнын директору Александр Бортников 18-декабрда Ереван жана Бакуга барды. Анын сапарынын максаты армениялык премьер-министр Никол Пашинян жана Азербайжан президенти Ильхам Алиевге чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, аймактагы тынчтыкты бекемдөө боюнча Москванын принципиалдуу позициясын болушунча толук жеткирүү эле.
Жоопкерчилик аймагынын кеңейиши
Еревандын маалыматына таянсак, акыркы күндөрү Армениянын эл аралык-таанылган чек араларынын сыртында согуштук аракеттердин кайра жандануу коркунучу күч алды. Ал Сүник облусуна да жайылышы ыктымал. Армениянын эл аралык-таанылган чек араларын бекемдөө коопсуздуктун жаңы кепилдиктерин жаратат. Ошондой эле Пашиняндын өзүнүн айтымында, Россиянын ФСБ чек ара күчтөрү "толугу менен Сүникке тартылган". Үч тараптуу чек аралык өз ара аракеттенүү бир облус менен чектелбей турганын да белгилей кетели.
Тоолуу Карабахтагы сентябрдагы курч жагдайга дейре Армениянын аймагында Россиянын ФСБсынын төрт чек ара отряды (Гюмрин, Армавир, Арташат жана Мегрин), жалпы 4500дүн тегерегинде кызматкер бар эле. Алар 300 чакырымга созулган армения-түркиялык чек араны кайтарууга өзгөчө басым жасашкан.
Ноябрдын аягында Армения Республикасынын чек ара коопсуздугун бекемдөө, Тоолуу Карабахта тынчтыкты сактоо чаралары үчүн, ошондой эле армян тараптын өтүнүчү менен РФ ФСБсынын Чек ара башкармалыгы тарабынан аталган өлкөгө 188 аскер кызматкери жана тийиштүү сандагы техникадан турган кошумча резерв бөлүнгөн. Учурда Россиянын бул кызматынын аймактык башкармалыгынын жаңы күчтөрү да пайда болушу ажеп эмес.
Башында үч тараптуу макулдашууда 1000 чакырымга созулган армян-азербайжан чек арасынын россиялык чек арачылар тарабынан кайтарылышы каралган эмес. Бирок Армениянын Иран менен чектешкен тарабында Россиянын ФСБсынын "жашыл фуражкалары" 2017-жылдан бери турган. Балким, Александр Бортниковдун Ереван жана Бакуга келиши Армения тараптан армения-түркиялык тилкени кайтаруудай эле армян-азербайжан чек арасына россиялык чек арачылардын киргизилишине байланыштуу болушу мүмкүн.
Мындай жагдай Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын эки тарабына тең пайдалуу, себеби Армениянын коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн ынанымдуу камсыз кылат. Ошондой эле Азербайжандын экономикасынын демилитаризациясына объективдүү өбөлгө болот. Келерки жылы аталган мамлекеттин аскерий чыгымдары мамлекеттик бюджеттин 15 пайызынан ашык бөлүгүн ээлей турганын эске сала кетели.
Аймактагы жай турмушка бүлүк салчу жагдайлар
Карабахта россиялык чек арачылардын орун алышы тараптарды 2020-жылдын 9-ноябрында түптөлгөн позициясын бекемдетип, жакынкы келечекте аймактын турукташуусуна салым кошо алат.
Александр Бортниковдун Түштүк Кавказга жасаган сапары Армения, Азербайжан жана Россиянын мамлекеттер аралык жаңы үч тараптуу макулдашуусуна даярдык болушу да мүмкүн.
Россиянын чек арадагы жоопкерчилик аймагын кеңейтүүдөн тышкары, Ереван жана Бакуда жогорку даражадагы өкүлдөрдүн Азербайжандын аймагында Түркиянын улам көбөйүп келе жаткан аскердик катышуусун дагы талкуулай алышмак. Бул көрүнүш сириялык жагдай сымал аймактык жаңжалга өрчүп кетүү коркунучун жаратат (батыштагы өнөктөштөрү Анкаранын аскердик таасир этүүнү кеңейтүү процессин материалдык колдоого алары да бышык).
Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (International Institute for Strategic Studies) эксперттери: "Азербайжандын кыйла күч жана материалдык каражаттар аркылуу жеткен курулай жеңиши болочоктогу согуштук аракеттер үчүн кызык", — деп белгилеген.
Анан калса кеп радиоэлектрондук күрөш каражаттарын, учкучсуз жана артиллериялык тутумдарды согушта пайдалануу тактика сабактары жөнүндө эле же чалгындоо жана буталарды коштоочу чачыранды каражаттар менен интеграциядагы абадан коргонуунун орто аралыктагы тутумдарынын кыйла көп ок-дарыларынын маанилүүлүгүндө да эмес.
Карабахтагы жаңжал жаңы ыкчам концепцияларынын, платформалык-багыттык нуктан күчтөрдүн сетецентристтик структурасына өтүү зарылдыгын көрсөттү. Алдыдагы он жылдыктарда жогорку интенсивдүүлүктөгү тирештерде чакан, орто жана ири державалардын эски жана жаңы технологияны мыкты айкалыштыра алган куралдуу күчтөрү артыкчылыкка ээ болушат.
Жакшы даярдыктан өткөн жана дурус жабдылган армия дайым тартип бекем сакталбаган күчтөрдү алардын технологиялык артыкчылыктарына карабай мизин кайтарат. Башкача айтканда бирөөгө – согуш жана кан, башкасы үчүн – жаңы технология жана концепцияларды иштеп, сынап көрүү.
Батышта Түштүк Кавказ сынамык полигон же ипподром (Эрдоган аркылуу) катары кабылданат. Чет өлкөлүк аскердик талдоочулар уландысын салкын түрдө мындайча: реалдуу аскердик даярдыкка кошумча инвестиция зарылдыгы, чачыранды жалпы күчтөр жана жасалма интеллектти пайдалануу менен көп домендүү операцияларга басым жасоо деп болжошот. Мындай геосаясий оюнда Армения, Азербайжан жана Россиянын реалдуу коопсуздугун ойлоп да коюшпайт.