Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкеев: КМШда Кыргызстанда гана автоунааны камсыздандыруу жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев. Архив
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев Кыргызстанда 20дай камсыздандыруу компаниясы бар экенин айтты.
Абдыкеев: КМШда Кыргызстанда гана автоунааны камсыздандыруу жок

Камсыздандыруу түшүнүгү Хаммурапинин доорунда, Италияда Генуя шаары курулгандан баштап эле бар. Турак жайларды камсыздандыруу Англиядан башталган. Акыркы мезгилде Россияда жана Азия чөлкөмүнүн бир катар өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатат. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, камсыздандырууга калктын активдүү катышпай жатканынын дагы бир себеби — жакыр турмуш болушу мүмкүн.

"Кыргызстандагы турак жайды камсыздандыруу маселеси актуалдуу, анткени жогорку баллдагы жер титирөөлөр айыл-кыштактарда мезгил-мезгили менен болуп, сел турак үйлөрдү жараксыз абалга келтирген учурлар арбын. Буга карабастан, өлкөдө турак жайды камсыздандыруу тажрыйбасы жакында эле башталды. 2016-жылы республикада "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынып, "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ишканасы түзүлгөн. Камсыздандыруу — табигый жана башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү каражат. Анда эки тарап болууга тийиш. Бири — акча фондун түзүүчү жана пайдалануучу уюм, экинчиси —– ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөп камсыздандыруучу юридикалык жак же жеке адам. Айыл жергесинде турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, шаарда 1200 сом төлөшөт. Турак жай кандайдыр бир себептер боюнча жабыркаган болсо, мамлекет тараптан айылдагыларга 500 миӊ, шаарда 1 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет. Бизде мүлктү камсыздандыруу колдонулууда. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эле автоунааны камсыздандыруу жок", — деди Абдыкеев.

Ал камсыздандыруунун өздүк жана мүлктүк деп эки түргө бөлүнөрүн, ал эми формасына жараша милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө камсыздандырса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0