Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме

© Фото / Pixabay / StartupStockPhotosРабота в офисе
Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы болом деген адам элди бардык жагынан кызыктырат. Ата-теги, үй-бүлөсү, эмне иш кылары, кимдер менен дос экени, айтор көп нерсени билгибиз келет.

Бул кадыресе көрүнүш, анткени ар бир киши өз тагдырын, келечегин кимдин колуна тапшырарын билиши керек. Бүгүн президенттикке талапкерлердин кайсы окуу жайда окуп, кандай кесипке ээ экенине кызыгып көрдүк.

Сооронбай Жээнбеков прибыл в Москву для участия в праздновании 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан
Адахан, Садык, Садыр... Президенттикке талапкерлердин ысымы эмнени түшүндүрөт
Учурда талапкерлердин тизмесинде 45 киши бар. Арасынан бирөөнүн жогорку билими жок экен. Айрымдары жергиликтүү гана окуу жайларды бүтүргөн болсо, билимин чет элдик университеттерде бекемдегендер дагы бар.

Талапкерлер тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан жана ачык булактардан алынды.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров Тверь мамлекеттик университетин (Россия) тарыхчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (КУУ) юрист адистиги боюнча аяктаган.

Арстанбек Абдылдаев

Арстанбек Абдылдаев БШКнын сайтында ал Евразиялык университетти аяктаганы айтылат, бирок башка булактарда 1996-2002-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) экономист адистиги боюнча билим алганы жазылган.

Назарбек Нышанов

Назарбек Нышанов 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун хирург адистиги боюнча бүтүрүп, 1991-жылы Украинанын Запорожье шаарында хирург-онколог дипломуна ээ болгон.

Кубан Чороев

Кубан Чороев Жусуп Баласагын атындагы КУУда экономика жана ишканаларды башкаруу адистигине, андан соң КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу адистигине ээ болгон.

Канатбек Исаев

Канатбек Исаев 1996-жылы КМУнун эсеп-коммерциялык факультетин товар таануучу адистиги боюнча аяктаган.

Абдыкаар Сыдыков

Ишембай Абдраимов атындагы Жарандык авиация академиясын аяктаган.

Рашид Тагаев

КМУну экономикалык география, Жусуп Баласагын атындагы КУУну юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. СССР ИИМинин жогорку окуу жайында окуган.

Жеңишбек Байгуттиев

1990-жылы КМУну аяктап, тополог адистигине ээ болгон.

Клара Сооронкулова

1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктап, укук таануучу адистигин өздөштүргөн.

Аймен Касенов

1989-1992-жылдары Бишкектеги Суворов аскер училищесинин курсанты болгон. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин аяктаган. Андан соң КРСУда жарандык укук боюнча билим алган. Учурда Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин бизнести башкаруу магистри багыты боюнча студент.

Азамат Эсенбеков

Үч окуу жайда билим алган. Алгачкысы Жусуп Баласагын атындагы КУУда каржы жана насыя адистиги боюнча, андан соң РФ Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында дүйнөлүк экономика адистигине ээ болгон. Кийин КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

Элеонора Турдубекова

1995-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин физика, информатика жана эсептөөчү машиналар боюнча мугалим адистиги боюнча аяктаган. 2000-жылы Жургенов атындагы Казак улуттук өнөр академиясында искусство таануучу (театр сынчысы) дипломуна ээ болгон.

Урустам Кабылбеков

Бишкектеги №10 техникалык окуу жайын, кийин КМУну каржы жана насыя адистиги боюнча аяктаган.

Ильгиз Товкеев

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган.

Жамбылбек Камчиев

Ош гуманитардык педагогикалык институтун аяктаган.

Мыктыбек Арстанбек

1995-жылы Фрунзедеги Автожол техникумун бүтүргөн. 1992-жылы Политехникалык институттун инженер-курулуш факультетин, 2009-жылы КРдин Тышкы иштер министрлигини алдындагы Дипломатиялык академиясынын политология бөлүмүн аяктаган.

Бактыбек Калмаматов

2006-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Токтайым Үмөталиева

Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган.

Арсланбек Малиев

Арсланбек Малиев Украинадагы Тышкы экономикалык байланыштар жана маалымат илим-изилдөө институтун бүтүргөн.

Медер Болгомбаев

1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин эл аралык укук адистиги боюнча аяктаган.

Бакыт Романов

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Имамидин Ташов

2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну финансы жана кредит — банк иши адистиги боюнча бүтүргөн.

Турсунбай Бакир уулу

1984-жылы КУУну тарых мугалими, 1990-жылы Киевдеги Шевченко атындагы мамлекеттик университетин философия адистиги боюнча бүтүргөн.

Курсан Асанов

Курсан Асанов 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин педагогика адистиги боюнча аяктаган. 2004-жылы ИИМдин академиясын бүтүргөн.

Ербол Токтогулов

Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган.

Темирлан Ормуков

БШКнын сайтындагы маалымат боюнча Жогорку окуу жайын аяктаган эмес.

Каныбек Иманалиев

Каныбек Иманалиев 1993-жылы КМУнун журналистика факультетин, 1998-жылы РФтин президентинин алдындагы Россиялык мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистиги боюнча бүтүргөн.

Акжолтой Тукунов

2004-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумунан салыкчы кесибине ээ болсо, кийин Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн.

Равшан Жээнбеков

1992-жылы КМУнун юридика факультетин, 1996-жылы Россия Федерациясынын Дипломатиялык академиясын аяктаган. 2008-жылы АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун алдындагы Слоундун менеджмент мектебинде "кызматтык башкаруу боюнча магистр" даражасын алган.

Айбек Эркетаев

Токмок агроөнөр жай колледжин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Санжарбек Энназаров

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык институтун аяктаган.

Жаныбек Сүйүналиев

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, ал Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган.

Кубанычбек Исабеков

1978-жылы Львов аскердик-саясий окуу жайын (Украина), 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУну (юрист адистиги), 2007-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Базарбай Темишов

Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, андан соң КМУнун экономика факультетин аяктаган.

Бакытбек Жумагулов

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун философия жана мамлекеттик кызмат факультетин, КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Бакыт Керимбеков

1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун невропатология адистиги боюнча бүтүргөн.

Эльдар Абакиров

Аль-Фараби Казак улуттук университетинен жогорку билим алып, илимий даражага ээ болгон. Алгач бул окуу жайды (2002-жылы) нейротармактар жана маалыматты коргоо адистиги боюнча актаган. Ошол эле адистик боюнча 2004-жылы магистратура бөлүмүн бүтүргөн. Ал эми 2006-жылы аспирант даражасын алган. Мындан тышкары, Каракол шаарындагы КМЮАда экономика жана укук факультетинде сырттан окуган.

Улукбек Кочкоров

Улукбек Кочкоров 1995-жылы КМУнун финансы жана кредит бөлүмүн аяктаган. 2001-жылы Россия федералдык коопсуздук академиясында билимин жогорулаткан. 2003-жылы кайрадан КМУда укук таануу адистиги боюнча окуган.

Кубанычбек Токтосунов

Карагандадагы СССР Ички иштер министрлигинин жогорку мектебинин укук таануу адистигин, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин алган.

Адилет Маматов

Богазичи университетин (Түркия), РФ өкмөтүнө караштуу Финансы университетин аяктаган.

Бабыржан Тольбаев

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинде чет тилди которуунун теориясы жана практикасы адистигин өздөштүрүп, ошол эле окуу жайды 2000-жылы юриспруденция адистиги боюнча сырттан окуган. Мындан тышкары, АКШда банк, бизнес жана башкаруу жаатында курстардан өткөн.

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев 1996-жылы Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан окумуштуу-агроном кесибин алып чыккан. Кийин КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын менеджмент багыты боюнча аяктаган.

Мирлан Калыбеков

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган.

Саматбек Ибраев

1989-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунан инженер-куруучу адистигин аяктаган. Ал эми 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика факультетин бүтүргөн.

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров мектептен кийин Дене тарбия жана спорт институтун акятаган. 2006-жылы Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0