БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна катыша турчу балбандардын тизмесин жарыялады.
Буга чейин агенттик спорттук иш-чарага барчу кыз-келиндердин аты-жөнүн айткан болчу.
Дүйнө кубогу 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча команданын курамы:
- Балбай Дордоков, салмактык категориясы – 55 кг;
- Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
- Калы Сулайманов – 63 кг;
- Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
- Руслан Царев – 72 кг;
- Акжол Махмудов – 77 кг;
- Кайрат Түгөлбаев – 82 кг;
- Атабек Азизбеков – 87 кг;
- Үзүр Жусупбеков – 97;
- Улукбек Карачолоков – ага машыктыруучу;
- Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.
Эркин күрөш боюнча команданын курамы:
- Бекболот Мырзаназар уулу, салмактык категориясы – 57 кг;
- Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
- Эрназар Акматалиев – 65 кг;
- Ислам Орозбеков – 70 кг;
- Саякбай Усупов – 74 кг;
- Арслан Будажапов – 79 кг;
- Сүймөнкул Таабалды уулу – ага машыктыруучу;
- Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 10-16-декабрь күндөрү, эркин күрөш 15-декабрдан 20-декабрга чейин созула турганы айтылды. Ал эми кыз-келиндердики 12-декабрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталат.
Агенттик спортчулардын жол киреси, тамак-ашы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланарын белгиледи.