БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон.
Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.
Азыркы тапта ооруканада 2 651 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 119 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Ооруканада жаткандар:
- 27 — канааттандырарлык абалда;
- 1 794 — орто оор;
- 711 — оор;
- 119 — өтө оор абалда.
Ал эми 3 600 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.