БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Витаминдин организмде көп болуп кетиши адамга кадимкидей эле зыян келтирет. Бул туурасында аллерголог-иммунолог дарыгер Алексей Бессмертный айтып бергенин РИА Новости жазды.
Витаминдин арбын болуп кеткендиги анын жетишпестиги сыяктуу эле көйгөй жаратат.
Азыр элдин иммунитетин бекемдөө үчүн поливитаминдерди сатып алып ичип жаткан кези. Дарыгер эгерде жаңы жашылча-жемиштерди жана сапаты жакшы азыктарды жеп, аны көбөйтсө маселе жаралбай тургандыгын айткан.
"Өнүккөн коом менен өлкөлөрдө жакшы тамактанган адамдарда витамин жетишпестиги байкалбайт. Аны күндө азык-түлүк менен кошо жейт. Болгону кээ бир аймактарда D витамини үч жашка чейинки балдарда тартыш болушу мүмкүн. Бир нече жылдан бери адистер поливитаминдерди ичүү пайдалуу эле эмес, кооптуу да экендигин айтып келет", — деген аллерголог-иммунолог.
Анын айтымына караганда, витаминдерге ашыкча кызыгуу организмге зыянын тийгизе турган гипервитаминозго алып келиши мүмкүн. Гипервитаминоз — витаминдерди ашыкча кабыл алуунун кесепетинен пайда болгон оору.
"D же А витаминдеринин ашыкча болушу организм үчүн кооптуу. Андан сырткары, көп поливитаминдер дары эмес, биологиялык активдүү кошулмалар (БАК) катары катталган. Негизи боордун зыяндуу заттардан жабыркашы статистикада БАКтан улам болушу мүмкүн деп айтылып келет. Себеби алардын көбү сертификацияланган да эмес", — деген Бессмертный.
Анын пикиринде, витаминдерди көбөйтүп жиберүү иммундук системага радикалдуу таасири тийгизбегени менен жалпы саламаттыкка кесепетин тийгизет.
"Мындай абалга кептелүү оңой эмес. Бирок витаминдерди кочуштап ичкендер токсикология бөлүмүнө тез эле түшүп калышы мүмкүн ", — деген дарыгер.
Анткен менен жакында эле дерматолог, косметолог дарыгер Станислав Арканников теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн адамга кандай витаминдер керек экендигин санап берген.