00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров менен кошо камалган. Талант Мамытов тууралуу 9 факты

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болуп дайындалды. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

44 жашта, кесиби боюнча юрист. Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1993-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектепти аяктап, кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган.

Көп жыл прокурор болуп иштеген. Эмгек жолун Баткен жана Жалал-Абад облустук прокуратураларында катардагы кызматкер болуп баштаган. Кийин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда прокурордун орун басары кызматтарын ээлеген. Ошондой эле Тогуз-Торо районунун прокурору болгон. Мындан тышкары, Башкы прокуратурада эмгектенген. Он жыл мурда, тагыраагы, 2010-жылы прокуратура органдарынан өз каалоосу менен кеткен.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов
Садыр Жапаров менен кошо камалган. Талант Мамытов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен кошо камалган. 2012-жылы Талант Мамытов депутат болуп жүргөн учурда кесиптеши, "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана депутат Садыр Жапаров менен кошо Кумтөр маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Мындан улам Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен Өкмөт үйүн басып алууга аракет кылган деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 2013-жылы райондук сот аларды күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, ал эми Мамытовду бир жылга эркинен ажыраткан. Кийин шаардык сот аларды актаган. Бирок Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. 2020-жылдын 20-октябрында Жогорку сот Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча Башкы прокуратуранын актоо боюнча корутундусун канааттандырып, бул ишке чекит койду.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Үч ирет депутат болгон. Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп алгач 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен келген. Бирок соттук ишине байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылган. 2015-жылы "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Быйылкы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясы менен аттанган. Бирок ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мөөнөтүн узартып иштеп жатат.

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов
Садыр Жапаров менен кошо камалган. Талант Мамытов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов

Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссияны жетектеген. Быйыл коомчулукта "Кыргызстандан чыгарылган миллиондор" иликтөөсү талкууланды. Анда аты аталган Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Кийинчерээк бул жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, аны Талант Мамытов жетектеген. Комиссия Айэркен Саймаитинин аялы Буфилли Бумайрам Кыргызстандагы "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгонун, ошондой эле журналисттик иликтөөдө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүүгө катышкан. Үстүбүздөгү жылдын январынан тартып шайлоо босогосун 7ден 9 пайыздык чекке жеткирүү чечими күчүнө кирген. Бирок Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат кайрадан 7 пайызга түшүрүүнү демилгелеп чыгышкан. Кийин мыйзам долбоору үч окуудан тең ийгиликтүү өткөн.

Канат Исаев президенттик шайлоого катыша турганын билдирди

Атасы алган насыя. Буга чейин Талант Мамытовдун атасы "Азия универсал банкынан" 250 миң доллар насыя алып, аны кайра төлөй албай калган деген маалыматтар тараган. Бул маселе боюнча журналисттердин бири депутатка бүгүнкү жыйында суроо узатты. Анда Мамытов насыя толугу менен жабылганын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов
Садыр Жапаров менен кошо камалган. Талант Мамытов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов
"Бул окуя 2010-жылга чейин болгон. Атам ишкерлик менен алектенгендиктен, насыя алган. Андан кийин 2010-жылы июнь окуялары башталып кетип, бизнестин көбү жабыркады. Мен оппозиция тарапта болгондуктан куугунтуктоолорго да кабылдык. Бирок бул иш сот аркылуу чечилген. Насыя төлөнгөн, бул боюнча соттун чечимдери дагы бар", — деп жооп берген Мамытов.

Жеке жашоосу. Жубайы экөө төрт баланы тарбиялап келет. Бош убактысында үй-бүлөсү менен жаратылыш койнунда, бөтөнчө тоодо болууну жактырат.

Спортту катырып, комузда кол ойнотот. Талант Мамытов студенттик жылдарында чыгыш уруш өнөрү менен алектенген. Азыр убактысына жараша өзү ачкан спорттук залда балдарды машыктырат. Ошондой эле WEF (World Ertaymash Federation) федерациясынын Жалал-Абаддагы президенти. Мындан тышкары, Мамытов музыкага жакын, тагыраагы, комузда кол ойнотуп, гитара чертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0