Депутаттык комиссия: 700 млн доллардын чыгарылышына Матраимовдордун тиешеси жок

Жазылуу
Депутат Марлен Маматалиев "өлкөдөн чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?" деп сурады.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Журналисттик иликтөөдө айтылган Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун тиешеси жок. Мындай корутундуну Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чыгарды.

Убактылуу комиссия иликтөөсүн жыйынтыктап, бүгүн парламентте маалымат берди.

Депутат Марлен Маматалиев "өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды делген 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?" деп сурады.

Буга комиссия төрагасы Талант Мамытов жооп берип, ал каражат ишкерлерге таандык экенин айтты.

"Ал сумма 700 миллион эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Аталган каражат тергөөдө Кыргызстандын "Кара-Суу" жана Өзбекстандын "Абу-Сахий" базарындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келип жатабыз", — деди Мамытов.

Курс доллара в Судане - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин аялы "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгону аныкталды
Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени журналисттик иликтөөдө баяндалган. Анда аты аталган Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн.  Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

Кийинчерээк бул жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0