Чүчкүргөндө же жөтөлгөндө адам өзүн токтотушу керекпи. Адистин жообу

© AP Photo / Ashwini BhatiaАял чүчкүрүп жатат. Архив
Аял чүчкүрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирусту алып жүргөн кишидеги COVID эле эмес, адаттагы эле грипптин вирусу да организмдеги өнөкөт оорулардын кабылдап кетишине себепкер.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Пандемия мезгилинде коомдук жайларда жөтөлүп же чүчкүргөндөргө башкалар тез көңүл бөлөт. Анткен менен бул учурда эки нерсени тең адам күч менен токтотуп кармап турбоо керектигин, анын кооптуулугун Ходанова атындагы иммунокоррекция боюнча медициналык борбордун жетекчиси, терапевт Людмила Лапа Sputnik радиосуна айтып берген.

Жөтөлүү менен чүчкүрүү организмдин микроб менен былжыр челди сыртка чыгаруу үчүн жасаган реакциясы экенин айткан Лапа чүчкүргөн киши айланага кооптуулук жаратарын эскертти.

Адис радио угуучуларга кайрылып, оорунун белгиси жок болуп турган учурда да жаныңыздагы адамга коркунуч жаратасыз деген.

Төшөк кумары менен чүчкүрүктүн байланышы бар экени аныкталды

"Симптомсуз илдеттер болот, ал эми вирусту алып жүргөн кишидеги COVID эле эмес, адаттагы эле грипптин вирусу да организмдеги өнөкөт оорулардын кабылдап кетишине себепкер. Ошентсе да адам жөтөлүп же чүчкүргүсү келсе, өзүн зордоп токтотуу организмге зыян. Болгону санитардык эрежелерди так сакташ керек", – деген Лапа.

Ал адам жөтөлүп, какырыкты тез бөлүп чыгарса, ошончолук жакшы экендигин, себеби какырыкта токсиндер, вирус, бактерия болорун түшүндүргөн.

"Көчөдө жаныбызда адам жокто кенен жөтөлө берсек болот. Инфекцияны башкаларга таратпаш үчүн кургак бет аарчыга чүчкүрүү керек", – деген медик.

Дарыгер жөтөлгөндө да салфетканы оозго тосуп, андан соң аны таштанды челекке же эл кармабай турган нерсеге салыш керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0