БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 484 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 461 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.
Жуктургандар:
- Бишкек – 123;
- Ош – 32;
- Чүй облусу – 50;
- Ош облусу – 43;
- Талас облусу – 18;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 37;
- Жалал-Абад облусу – 110;
- Баткен облусу – 66.
ДССУ Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөтөт
Айыккандар:
- Бишкек – 84;
- Ош шаары – 45;
- Чүй облусу – 48;
- Ош облусу – 69;
- Талас облусу – 12;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 29;
- Жалал-Абад облусу – 90;
- Баткен облусу – 76.
Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 58 878ге жетип, анын ичинен 49 983ү айыкты.
Акыркы суткада 3 409 ПЦР тест жүргүзүлгөн.
COVID-19га кабылган бейтаптарга Кызыл жарым ай коому жардам берүүдө
Кечээ Бишкекте бир медиктен COVID-19 табылып, сегиз медицина кызматкери ооруну жеңгени маалым болду.