БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 413 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 110 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:
- 83 адам — канааттандырарлык абалда;
- 2 328 бейтап — орточо оор;
- 892 бейтап — оор абалда;
- 110 бейтап — өтө оор абалда.
Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 767 адам экени айтылды.
ДССУ Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөтөт
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан үч адам каза таап, 484 киши инфекцияга чалдыккан.