Билими:
1983-1989 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган;
1995–1998 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1984 -1986 — Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1996-1998 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү (кызматкери);
2002-2004 — ИИМдин коомдук түзүлүш менен байланыш башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;
2004 -2008 — ИИМдин алдындагы 9-башкы башкармалыктын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;
2008 -2010 — ИИМдин 9-башкы башкармалыгында бөлүм башчы;
2010-2016 — Транспорт иштери боюнча ички иштер башкармалыгындагы 10-бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүлү;
09.2016 — отставкадагы полковник (пенсия);
2017-2020 — "Мадина" ЖЧКсында чет элдик жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;
2020-жыл, октябрь — Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.