БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 549 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда 305 адам оорудан сакайып чыкты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
COVID-19дун жаңы учурлары төмөнкү аймактарда катталды:
- Бишкек – 125;
- Жалал-Абад облусу – 117;
- Баткен облусу – 97;
- Ош облусу – 82;
- Чүй облусу – 53;
- Ош – 37;
- Ысык-Көл облусу – 24;
- Талас облусу – 10;
- Нарын облусу – 4.
Ушуну менен өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган жарандардын саны 53 459га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандар:
- Жалал-Абад облусу – 99;
- Ош облусу – 78;
- Бишкек – 39;
- Баткен облусу – 30;
- Чүй облусу – 22;
- Ысык-Көл облусу – 16;
- Ош шаары – 11;
- Талас облусу – 7;
- Нарын облусу – 3.
Бүгүнкүгө карата алынган маалымат боюнча, 46 444 кыргызстандык коронавирусту жеңип чыкты.
Азыркы тапта ооруканаларда 2 796 бейтап жатат, ал эми 2 612 киши үй шартында дарыланууда.
Ошондой эле соңку бир суткада COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта турган 10 медик да ооруну жуктуруп алган.
Коронавирустан соңку суткада дагы 5 киши каза тапты
Ал эми вирус илештирип дарыланып жаткан алты ак халатчан сакайып стационардан, ону үй карантининен чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча 3 555 медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталган. Алардын ичинен 3200 медкызматкер айыгып чыкты.