https://sputnik.kg/20201016/uluttuk-banka-17-1-mln-dollar-satty-1050089107.html
Доллардын баасын кармап туруу үчүн Улуттук банк 17,1 млн. доллар сатты
Доллардын баасын кармап туруу үчүн Улуттук банк 17,1 млн. доллар сатты
Sputnik Кыргызстан
Шаршемби жана бейшемби күндөрү доллардын баасы 81 сомго чыгып, эки сомго кымбаттады. Учурда 81,5 сомдон сатып алынып, 81,9 сомдон сатылууда. 16.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-16T09:55+0600
2020-10-16T09:55+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/08/05/1049229647_0:322:3068:2048_1920x0_80_0_0_8992d7c82acbb3e6198e78d7a6ce8eda.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/05/1049229647_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_799a6cf9da4c1479f2445fb10637e87d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк
Доллардын баасын кармап туруу үчүн Улуттук банк 17,1 млн. доллар сатты
09:55 16.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Шаршемби жана бейшемби күндөрү доллардын баасы 81 сомго чыгып, эки сомго кымбаттады. Учурда 81,5 сомдон сатып алынып, 81,9 сомдон сатылууда.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кечээ, 15-октябрда, Улуттук банк 17,1 миллион доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Бейшемби күнү кечинде курс 81,5 (сатып алуу) жана 81,9 (сатуу) сомду түзгөн. Азыркы тапта да ушул калыбында кармалып турат.
Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту
Улуттук банк муну чет элдик төлөмдөрдүн жанданганына жана өлкөдөгү акыркы окуяларга байланышкан кыска мөөнөттүү көрүнүш экенин билдирген.
Акыркы эки күн аралыгында доллардын баасы 81 сомго чыгып, дээрлик эки сомго кымбаттады.
Улуттук банктын алтын валюта резерви сомдун курсун кармап, рыноктогу олку-солкулукту жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет. Резервдин көлөмү ушу тапта 3 миллиард сом экени айтылды.