БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Бир суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматта эки жаран тең Баткен облусунун тургундары экени айтылат.
Ушуну менен илдет жайыла баштагандан тарта 1 094 адам көз жумган.
Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди
Коронавирус жуктургандардын саны өлкө боюнча бүгүн жалпысынан 50 миңден ашты. Анын ичинен 46 миңге жакыны сакайып кетти.