00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Итоги недели
20:05
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Итоги недели
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Между строк
Стендап как новая проза: где граница между юмором и литературой?
18:11
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адис кыйналбай эрте туруунун сырын ачты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМузей "Сделано в СССР" в Екатеринбурге
Музей Сделано в СССР в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сомнологдордун айтымында, адам эртең менен кыйналбай эрте ойгонушу үчүн эки нерсе өтө маанилүү. Биринчиси — жетиштүү мөөнөттү аныктоо, экинчиси — уйку режимин бекем сактоо.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Эртең менен сааттын мээни жеген коңгуроосу жок деле эрте турса болот. Бул үчүн эмне кылуу керектигин адистердин пикирине таянып "Известия" жазды. 

Сомнологдордун айтымында, адам эртең менен кыйналбай эрте ойгонушу үчүн эки нерсе өтө маанилүү.

"Биринчиси — адам канча саат уктаса уйкусу кана турганын билип алышы керек. Андан соң ошого ылайыктап жатышы зарыл. Мисалы, сизге сегиз саат уктап, эртең менен жетиде туруш керек болсо, саат 11ге чейин төшөктө болуп калганыңыз оң", — дейт адис.

Кийин бул режимди колдон келишинче бузбай кармоо керектиги айтылат. Анткени уйкуну бир режимге түшүрүп алуу эрте туруш үчүн гана эмес, ден соолукту чыңдап алууга дагы бир топ салым кошот.

Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

Баса, режимге көнүү талаал, бирок аны бузуп коюу абдан оңой. Мисалы, айлап калыпка салган режимди дем алыш күндөрү кеч жатып же күндүз 1-2 саат уктай коём деп бузуп алгандар көп.

Мындан тышкары, организм уйкудан ойгонууну "жек көрүп" калбашы үчүн таңды жайбаракат тосуу сунушталат.

"Мисалы, ойгоноруң менен чуркап барып бетти муздак сууга жууй салуу, көнүүгүлөрдү жасоо, дароо тамактануу, музыканы катуулатып угуу сыяктуу нерселер организмге жакпайт. Биринчи керилип-чоюлуп, бир аз жылымык суу ууртап, күн башталды деген белги бериш керек", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле эрте туруу үчүн жатарда "мен эрте турушум керек" деп мээге тапшырма берип коюу дагы жакшы жыйынтыгын берери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0