00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как защитить детей мигрантов: новые требования об оформлении опекунства в КР
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Как использовать большие данные при планировании и усовершенствовании городов
16:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ислам принциби менен каржыланган аблигациялар Кыргызстанда кандай иштөөдө?
17:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как в Кыргызстане проходит общественное обсуждение властных решений
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз коомундагы аял, эркектин орду кандай болгон?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Путешествие в мир детских грёз: очарование и глубина романа Нила Геймана
20:06
40 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ала-Тоо аянттагы абал
Бишкектеги Ала-Тоо аянттагы абал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоодон кийин жалпы эле өлкө боюнча абал тынч эмес. Ушул тапта борбордук аянтта ири митинг өтө турганы айтылды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.

Өзгөчө тартип бүгүн саат 20.00дөн тарта башталат. Комендант болуп Алмаз Орозалиев дайындалды.

Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында токтом кылынат:

1. Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп (мындан ары — комендант) дайындалсын.

3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн.

4. Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

  • коменданттык саат киргизилсин;
  • жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
  • айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
  • коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
  • оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
  • аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
  • ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
  • жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
  • эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
  • байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
  • дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
  • жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
  • өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

5. Комендант Бишкек шаарынын аймагында жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

6. Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

7. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы өткөрүү пункттарын уюштуруу, куралдуу кагылышууларды басуу, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу жана жарандарды коргоо үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизсин.

8. Жогорку сотко өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

9. Өкмөт өзгөчө кырдаалды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берүүнү карасын.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

  • ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
  • өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.
  • түзүлгөн кырдаалды курчутпоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде комендант берген маалыматтарды таратсын.

10. Бул жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

11. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Ушул тапта өлкө аймагында эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0