00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Батирди алмаштырса болобу — МИКтин кезегинде турган жарандарга үй кантип бөлүштүрүлөт?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сому-32 года: история главного экономического решения независимого Кыргызстана
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл окуу жылын 215 миң бүтүрүүчү аяктайт — мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы качан өткөрүлөт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө жазгы талаа жумуштары уланууда — быйыл кандай өсүмдүктөргө басым жасалды?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От блогера до ведущего: как школьник из КР попал в центр «Сириус»
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
48 жыл мектепте иштеген Чыңгыз Айтматовдун биринчи мугалими Дүйшөн
17:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Зелёная энергетика и экономика: как выстроить экологическую инфраструктуру в Кыргызстане?
18:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чоюн билек балбандардын Азиядагы жеңиши — Кыргызстандын кол күрөшчүлөрү Азия чемпионатынан 26 алтын медаль утту
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Кузнечная крепость в Бишкеке — история происхождения древнего городища
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектик окуучулар мектепке барбай турган болушту. Аймактарда абал кандай?

© Sputnik / Табылды КадырбековНачало учебного года для первоклассников в Бишкеке
Начало учебного года для первоклассников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй турганы айтылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектин мектептери 6-октябрдан баштап 2-6-класстарды кабыл албай турган болду. Балдар мурдагыдай эле аралыктан окуусун улантат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Мира Курманова тастыктады.

Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал себепкер.

"Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунда мектепте окутууну баштоо же коё туруу маселеси жергиликтүү санитардык-көзөмөлдөө борбору менен макулдашылсын деп жазылган. Биз абалды карап туруп, мектепте окутууга уруксат берген жокпуз. Анткени коронавирус көбөйүп жатат. Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар күч алууда. Анын үстүнө мектептерге жылуулук бериле элек, балдар ооруп калат. Мындан тышкары, балдарды 1-класстардай кылып бөлүп окутуу абдан татаал. 2-класста эле бир мектепте 4-5тен класс бар. Ар биринде 40-50 бала. Экинчи чейректе абалды байкайбыз", — деди Курманова.

Ал эми 1-класстар мектепте окуусун улантары айтылды.

Анткен менен эртеңден тарта Кыргызстандын башка аймактарында эпидемиологиялык абалга карабай, 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Министрликтин буйругу өлкө аймагындагы бардык мектептерге тиешелүү. 6-класска чейин бардык санитардык нормаларды сактоо менен мектептерде билим ала башташат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, социалдык тармактар аркылуу ата-энелер эпидемиологиялык абалдын курчуп бара жатканынан улам балдардын мектепке окуусуна тынчсызданып жатканын жазууда.

Мисалы, бүгүн Кыргызстанда 207 кишиден коронавирус аныкталды. Сакайып чыккандар анын жарымын гана (103 киши) түзөт. Вирус акыркы апталарда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө күч алып бара жатат.

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштары айтылган.

Бул үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыккан. Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0