БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын мигранттары түзгөн "Аян" ышкыбоздор театры көрүүчүлөргө алгачкы спектаклин тартуулады. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына театрдын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева билдирди.
Анын айтымында, кыргыз жана орус тилиндеги спектакль Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде даярдалып, Москванын "Яблоко" жаштар театрында коюлду. Маданий жайды Россиянын эл артисти Вячеслав Спесивцев жетектейт.
Козубаева белгилегендей, спектаклди коюуга дал "Яблоко" театрынын жетекчиси жардам берген. Ал кыргыз мигранттарына (болочок актерлорго) ишемби күнкү спектаклдерге акысыз билет алып берип турган, андан кийин мастер-класстарды өткөргөн. Топту бир нече ай бою белгилүү актер, КРдин маданиятынын мыктысы Садыр Сагынбаев жетектеп, балдарга театрдын чеберчиликтерин үйрөткөн.
"Биздин актерлор "Яблоко" театрынын жетекчиси менен былтыр октябрда таанышкан. Ал "Кыямат" спектаклин биргелешип коюуну сунуш кылды, себеби убагында Чыңгыз Айтматовдун жакын досу болуптур. Ошондой эле жазуучунун көзү тирүү кезинде "Кыямат" спектакли биринчи жолу Москвада Вячеслав Спесивцевдин жетекчилиги астында коюлган экен. Бул 20 жыл мурун болуптур", — деди Козубаева.
"Кыямат" романы тууралуу кызыктуу 13 факты. Айтматовго "айланган" карышкыр
Ал учурда театрда сегиз актер эмгектенерин айтты. Мигранттар негизги жумушунан кийин кечинде чыгармачылыкка убакыт табышат.
"Туулуп-өскөн жерден алыс жүргөн мекендештердин маданият менен жакын болгону маанилүү нерсе. Себеби көбү эртеден-кечке иштеп, театрга барууга убактысы жок. Бул маданий жайдан алар жан дүйнөсүн азыктандырып турса деген ниетибиз бар", — деди театр жетекчиси.
Репетиция ар кайсы жакта, анын ичинде Козубаеванын батиринде дагы болгон.
"Кыямат" спектаклине 200 киши келди, негизи зал 400 кишини батырат. Бирок пандемияга байланыштуу адамдар жакын отурбашы керек болчу. Мындайча айтканда, орундун бардыгы толду", — деген Козубаева.
Чыңгыз Айтматов жазган "Кыямат" чыгармасы биринчи жолу 1986-жылы "Новый мир" журналына жарыяланган. Роман эки адамдын — Авдий Каллистратов менен Бостон Үркүнчиевдин тагдырын баяндайт. Алардын турмушу Акбаранын образы менен байланыштуу.