FIFA футбол командаларынын рейтингин жаңылап, Кыргызстан бир сапка көтөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековГрупповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан
Групповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу алты айдан ашык тыныгуудан кийин эл аралык оюндар жандана баштады. Өлкөлөрдүн рейтинги менен материалдан таанышыңыздар.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде 95-орунга илинди. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Республика бир дагы оюн өткөрбөгөнүнө карабастан рейтингде бир тепкичке жогорулады (август айында команда 96-орунда болчу).

Жоламан Шаршенбеков UWW даңазалаган сальтосунун чоо-жайын айтты. Видео

Биринчи орунду Бельгия, экинчини Франция ээледи. Ал эми үчүнчү сапта Бразилия болсо, кийинкилерде Англия менен Португалия турат.

Кыргызстандын коңшуларынын рейтинги төмөнкүчө: Өзбекстан 85-орунда, Казакстан 118, Тажикстан 122-сапта турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0