БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Instagram расмий баракчасына кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун топ тээп ойноп жаткан видеосун жүктөдү.
Анда дүйнөнүн вице-чемпиону футболдун мыкты техникасын, топ тебүүнүн түрдүү ыкмаларын көрсөтүп, акробатикалык секириктерди жасаган. Видеодон артка чимирилген сальто жасап бара жатып топ тепкенин көрүүгө болот.
"Жоламан Шаршенбековдун футболду өздөштүргөнүнө канчалык баа бересиздер?" — деп дүйнөлүк уюм билдирүү калтырган.
Посттун астында көптөгөн комментарийлер жазылган, арасында "кыргызстандык Пеле" дегендери да бар.
Айсулуу Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталды. Видео
Видео 9,5 миңге чукул лайк чогулткан. Бул боюнча балбан Sputnik Кыргызстан агеттигине комментарий берип, видео Кыргызстандын улуттук курама командасы менен окуу-машыгуу өткөрүү учурунда жасаганын билдирди.
"Биз азыр грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандун улуттук курама командасы менен Ысык-Көлдө окуу-машыгууда жүрөбүз. Машыгуудан бош убакта, кээде кыймылды тездетүүгө пайдалуу болсун деп топ менен ойнойм. Бул видеону командалаш досум Марлен Асикеев тарткан. Ал жөн гана тартып, мен Instagram баракчама жүктөгөн элем. Ага Дүйнөлүк күрөш уюму көңүл буруптур. Мен мындайды күткөн эмесмин", — деген спортчу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жоламан Шаршенбеков 2018-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болуп саналат. Буга чейин ал өспүрүмдөр, жаштар арасында дүйнө чемпионатын уткан.