https://sputnik.kg/20200914/olkodo-muzey-kitepkanalar-ishin-zhandantat-1049606881.html
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
Sputnik Кыргызстан
Атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган. 14.09.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-09-14T09:06+0600
2020-09-14T09:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049606849_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_e192dc7abd0eb9014fea1a35de8c146e.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049606849_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_f6eb4fe3290e5a0097c757de2ab760e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
09:06 14.09.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн, 14-сентябрдан тарта, өлкөдөгү музей жана китепканалар өз ишин кайрадан жандантат. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлиги билдирди.
Ал үчүн атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган.
Кыргызстанда кинотеатрлар 25-сентябрдан тарта иштеши мүмкүн
Маалыматка ылайык, музей жана китепканалардын ишин жандантууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу каралат. Ошондой эле министрлик койгон талаптарга ылайык, мекемелердин имаратына кирүү алдында кызматкерлердин жана коноктордун дене табы текшерилип, ичинде жүргөндө социалдык аралык сакталышы керек.