Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбаева: онлайн иш-чараларга бардык мекендештер күбө боло алат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева карантинге байланыштуу бир катар иш-чара онлайн форматында өткөнүн белгиледи.
Асанбаева: онлайн иш-чараларга бардык мекендештер күбө боло алат

Өнөрпоздорго шык, дем берген көрүүчүлөр жок иш-чараларды онлайн өткөрүү түйшөлтөт. Бирок бүт дүйнөдөгү мекендештерибиздин күбө болушуна мүмкүндүк түзүп жатат. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 9-сентябрь  - Комуз күнүнө карата 7-13-сентябрь аралыгында "Комуз жумалыгы" жарыяланган.

Кремлде жаңырган комуз менен балалайка элдин жүрөгүн балкытты. Видео

"Комуз жумалыгынын" алкагында комузчулар Токтогул Сатылганов, Ниязалы Борошов жана Карамолдо Орозовдун айкелдерине өнөр адамдары гүлчамбар коюшуп, залкарлар эскерилди. Мындан тышкары, комуз жана күүлөрүнүн өнүгүү тенденциясы тууралуу илимий-практикалык конференция болуп, атайын концерт берилет. Белгилей кетүүчү жагдай, өнөрпоздорго шык, дем берген көрүүчүлөр жок иш-чараларды онлайн өткөрүү түйшөлтөт. Бирок министрлик учурдагы абалга ылайык заманбап техникаларды колдонуу менен кырдаалдан чыга алды. Социалдык тармактарда түз эфирлерди уюштуруп турдук. Бул формат дагы өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды. Анткени ар кайсы аймактардагы, ал тургай чет жактардагы жарандарыбыз дагы күбө боло алышат экен. Учурдагы 7-13-сентябрь аралыгында уюштурулуп жаткан "Комуз жумалыгына" дагы жарандарыбыз активдүү катышууда. Натыйжада алыскы аймактардагы окуучулардан тарта карыяларыбызга чейин катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Асанбаева.

Ошондой эле ал "#таңшыкомуз" хештэгин колдонуп, өнөктүккө активдүү катышкандарга министрлик тарабынан атайын белектер тапшырыла турганын кошумчалады.

Эске салсак, Комуз күнү өлкөдө президенттин Жарлыгы менен 2019-жылдан бери 9-сентябрда белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0