00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Цирк, тигры и зооактивисты: Багдасаровы — о жизни за кулисами
08:03
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Кыргызстан Ислам университети — салттуу ислам түшүнүгү, исламдык диний билим берүүнү реформалоо кандай?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Бишкеку 147: какими изменениями в городе гордится мэр столицы
10:03
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде дары-дармектин баасын арзандатуу аракеттери жүрүүдө — бул өлкөгө кандай пайда алып келет?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Уроки, которые нельзя забыть: как школьникам рассказывают о Победе
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Студенттер арасындагы фестиваль жаштарга эле эмес мугалимдерге да тажырыйба, мүмкүнчүлүк берет
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
КР реалдык секторду өнүктүрүүдө ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ИП или патент: зачем предпринимателям вернули право выбирать
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж

Жазылуу
Өкмөт Бишкекте жугуштуу илдеттер ооруканасы бир айда курулуп бүтөрүн маалымдаган. Башкача айтканда, 25-августта курулушу аяктамак. Ага долбоор боюнча 62,5 миллион сом эсептелген, бирок бул каражат дагы жетпей турганы айтылды.

Жаңы оорукана тез курулуучу конструкциялар менен салынууда. Себеби коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн тезирээк бүтүшү керек. 100 бейтапка ылайыкташкан бир кабаттуу имаратта 30 орун жандандыруу бөлүмү болот. Бир палатага эки-үч керебет коюлуп, бейтаптар үчүн да, медиктер үчүн да толук шарттар түзүлөрү убадаланды.

Кыргызстанда курулуп жаткан 14 ооруканага 206,5 млн. сом сарпталат

Премьер-министр Кубатбек Боронов оорукананы бир айда, 25-августка чейин бүткөрүү талабын койгон. Бирок 29-августта Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров сентябрдын ортосунда бүтөрүн айткан. Деген менен бүгүн, 9-сентябрда, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы барып имараттын 70 пайызы гана курулганына күбө болду. 

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖаңы оорукана тез курулуучу конструкциялар менен салынууда. 100 бейтапка ылайыкташкан бир кабаттуу имаратта 30 орун жандандыруу бөлүмү болот
Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Жаңы оорукана тез курулуучу конструкциялар менен салынууда. 100 бейтапка ылайыкташкан бир кабаттуу имаратта 30 орун жандандыруу бөлүмү болот

Ошол эле Абдыкадыров бүгүн берген маегинде мөөнөтү дагы жыла турганын билдирди.

"Биздин нормативдик мөөнөт өзү эки ай болгон. Бирок өкмөт тарабынан бизге коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн эртерээк бүткөрүү тапшырмасы коюлган. Бул оорукана эксперимент катары алгачкы ирет курулуп жаткандыктан иш жүзүнө келгенде долбоордон сырткаркы жумуштар чыгып калууда. Ошондой эле сапатын көбүрөөк карап жатабыз. Буюрса, сентябрдын аягында бүтүп тапшырабыз", — деди Абдыкадыров.

Августта 1 120 балага COVID жуккан. Бейтаптарды кабыл алчу ооруканалардын тизмеси

Департамент директорунун айтымында, долбоор боюнча оорукананы курууга 62,5 миллион сом керектелери эсептелген. Бирок иш жүзүндө бул сумма жетпей турганы айкын болду. 

© Sputnik / Акылбек БатырбековУчурда имараттын 70 пайызы бүтүп калды. Чатыры жабылып, абаны тазалап туруучу система, суу, электр кубаты киргизилип, канализацияга туташтырылууда
Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Учурда имараттын 70 пайызы бүтүп калды. Чатыры жабылып, абаны тазалап туруучу система, суу, электр кубаты киргизилип, канализацияга туташтырылууда
"Учурда имараттын 70 пайызы бүтүп калды. Чатыры жабылып, абаны тазалап туруучу система, суу, электр кубаты киргизилип, канализацияга туташтырылууда. Азырынча 60 миллион сом сарпталды. Белгилей кетсем, бул тез курулуучу конструкциялар менен салынганына карабай сапаттуу болот. 40-50 жылга чейин турат деп кепилдик бере алабыз", — деди Абдыкадыров.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары аталган оорукананын сапатынан күмөн санап жана мөөнөтүнөн кечигип жатканын сынга алган. Бул боюнча өкмөт башчы Кубатбек Боронов кечээ брифингде жооп берип, жыйынтыгын күтө турууга чакырды.

Кыргызстанда жаңы ачыла турган ооруканаларга 243 млн сомдук жабдуу керектелет

Белгилей кетсек, июль айында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканаларга бейтаптар батпай калган. Ошондон кийин президент башында туруп, жети облуска 14 жугуштуу илдеттер ооруканасын куруу иштери башталган

© Sputnik / Акылбек БатырбековИюль айында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканаларга бейтаптар батпай калган. Ошондон кийин президент башында туруп, жети облуска 14 жугуштуу илдеттер ооруканасын куруу иштери башталган
Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Июль айында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканаларга бейтаптар батпай калган. Ошондон кийин президент башында туруп, жети облуска 14 жугуштуу илдеттер ооруканасын куруу иштери башталган

Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу үч инфекциялык оорукананы тургузуу жана тогуз объектини капиталдык оңдоо иштери "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунан" каржыланмак. Ага 185,5 миллион сом каралган. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасы жана Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чайчы айылындагы оорукана курууга республикалык бюджеттин эсебинен 21 миллион сом бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0