БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Өлкөдө өткөн суткада коронавирустан 261 бейтап айыкса, 78 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек — 134;
- Ош шаары — 1;
- Чүй облусу — 13;
- Ош облусу — 6;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу — 52;
- Жалал-Абад облусу — 26;
- Баткен облусу — 24.
Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты
Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:
- Бишкек — 18;
- Ош — 1;
- Чүй облусу — 10;
- Ош облусу — 6;
- Талас облусу — 2;
- Нарын облусу — 4;
- Ысык-Көл облусу — 14;
- Жалал-Абад облусу — 11;
- Баткен облусу — 12.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус 43 898 адамдан табылса, анын 38 459у ооруну жеңди. Бир сутка ичинде коронавирустан көз жумган учур катталган эмес. Кыргызстанда вирус жалпы 1 059 адамдын өмүрүн алган.
Кечээ Жалал-Абадда эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда 18 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.
Азыркы тапта коронавирус жуктурган 718 бейтап стационарларда, 4 818 адам үйүнөн дарыланып жатат.