00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Контрабанданы азайтат. Өкмөт "Санарип салым" сервисин ишке киргизүүдө

© Sputnik / Нина ЗотинаКалькулятор жана калем сап. Архив
Калькулятор жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында 20 миңге чейин азайган. Азыр бул көрсөткүч 75 миңге жакындап калды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бизнести колдоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан аракеттердин натыйжасында өлкөдө чакан ишкерлик 80 пайызга чейин калыбына келди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өткөн.

Премьердин айтымында, бул маалыматтар патенттин негизинде иш алып барган чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында алынган.

Эгер 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында 20 миңге чейин азайган. Азыр бул көрсөткүч 75 миңге жакындап калды. Мындан тышкары, 2020-жылдын 8 айында салык кирешелеринин көлөмү 37,5 миллиард сомго жетти (2019-жылдын январь-август айында – 38,9 миллиард сом).

Кыргызстанда пандемия маалында кредит алгандар менен депозиттердин саны өстү

"Чакан жана орто ишкерлик субъектилерине жеңилдик түзүү жана бирдиктүү салык декларациясын оптимизациялоо боюнча иш жүрүүдө. Санарип технологияларды колдонуу менен чек арадан товарларды алып өтүү процедуралары жеңилдетилүүдө, ал өз учурунда контрабанданын азайышына алып келет. Бул иштин негизги элементтеринин бири — "Бир терезе/бир токтотмо" долбоорун ишке ашыруу жана Бажы кызматында электрондук декларация толтуруу, ошондой эле Салык кызматынын "Санарип салым" сервердик моделине өтүүсү", — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, инвесторлордун жана ишканалардын алдында турган маселелерди тез арада чечүү максатында өкмөт өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлорду колдоо боюнча кураторлук механизмин киргизүүдө. Биринчи тапта бул тизмеге кайра иштетүүчү 29 ишкана, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканалары, ар кыл тармактагы 10 инвестициялык долбоор кирди.

Премьер-министр бизнести колдоо максатында антикризистик чаралар көрүлгөнүн, өкмөттүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилгенин билдирди. Деген менен мурдагыдай ыкмалар менен экономиканы кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес экени да белгиленди.

Автоунаага төлөнчү салыкты эсептөөнүн жолу. Калькулятор

Кубатбек Боронов көнүп калган шаблондор менен иш алып барууну токтотуп, айрым багыттар боюнча ишкерлерди колдоп, инвесторлордун ишенимин кайтарып, экономикадагы терс тенденцияларды өзгөртө турган стандартуу эмес тез кадамдар зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0