Автоунаага төлөнчү салыкты эсептөөнүн жолу. Калькулятор

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектин 7 Апрель көчөсүндө тыгын. Архив
Бишкектин 7 Апрель көчөсүндө тыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаага салык төлөө үчүн бир жумадан азыраак убакыт калды. Көлүгүңүз үчүн канча төлөшүңүз керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган ыңгайлуу калькулятор менен оңойэле эсептеп алсаңыз болот.

Транспорт каражаты үчүн салык төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктай турганын Мамлекеттик салык кызматы эскертүүдө. Тийиштүү акчаны төлөөдөн баш тарткан жеке тараптар 1 000, ал эми юридикалык жактар 5 000 сомго чейин айып төлөмөр болот.

КРде унаа жана кыймылсыз мүлккө ким салык төлөшү керек? Түшүндүрмө

Sputnik Кыргызстан даярдаган калькулятор керектүү сумманы тез арада эсептеп чыгууга жардам берет. Анын кызматын пайдалануу үчүн үч параметрди — транспорттун түрүн, чыккан жылын жана кыймылдаткычынын көлөмүн киргизүү керек.

Салык төлөө процедурасы боюнча кыргызстандыктардын көп берген суроолоруна жооп беребиз.

Салыкты кантип төлөө керек?

Бул үчүн сөзсүз эле салык органдарына баруунун кажети жок. Онлайн-ыкманы пайдаланып, банк кассалары, почта бөлүмдөрү, POS-терминал, мобилдик интернет-банкинг жана башка түзүлүштөрдү колдонууга болот.

Салык төлөп жаткан маалда тийиштүү реквизиттерди жазуу керек. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган районду же шаарды, ээсинин персоналдык номерин (ИНН), көлүктүн мамлекеттик номерин жана салык суммасын көрсөтүү шарт.

Каражат которулганын Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан онлайн-режимде көрүүгө болот. Бул үчүн:

  • www.sti.gov.kg сайтына кирүү зарыл;
  • "Электрондук сервис" бөлүмүнүн оң жагына "салык төлөнгөнү боюнча чекти издөө" шилтемесин тандоо керек;
  • ИНН, чектин номери жана төлөм жүргүзүлгөн күндү жазуу кажет.

Төлөбөй койсо эмне болот?

Тийиштүү акчаны төлөөдөн баш тарткан жеке тараптар 1 000, ал эми юридикалык жактар 5 000 сомго чейин айып төлөмөр болот.

Транспорттун кайсы түрүнө салык төлөө зарыл?

Транспорт каражатынын бардык түрүнө салык төлөө милдеттендирилет, анын ичинде жеңил автоунаалар, фургон, пикап, жүк ташуучу унаа, автобус, микроавтобус, трактор, комбайн, жол курууда пайдаланылган техника, мотоцикл, мотороллер, мопед, моточана, моторлуу кайыктар, катер, корабль, теплоход, яхта жана суу мотоциклдери бар. Ар бир түр үчүн өзүнүн суммасы көрсөтүлгөн.

Суроолор боюнча кайда кайрылуу керек?

Маселе жаралса Мамлекеттик салык кызматынын 1240 номери боюнча call-борборуна кайрылып, же расмий сайтынан маалымат алууга болот.

Дагы эмнеге акча төлөө керек?

Кыймылсыз мүлккө да салык төлөө каралган. 2-сентябрга чейин турак үй, батир жана жер салыгын төлөп бүтүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0