БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун “Лионго” киргизген голу күйөрмандардын тандоосу боюнча Чемпиондор лигасынын быйылкы сезонунда мыкты гол деп табылды. Бул тууралуу маалымат УЕФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Goal of the Tournament results:
— UEFA Champions League (@ChampionsLeague) August 27, 2020
🥇 Ronaldo, Juventus 2-1 Lyon (2nd goal)
🥈 Sabitzer, Leipzig 2-1 Zenit
🥉 Cuadrado, Atlético 2-2 Juventus
4⃣ Suárez, Barcelona 2-1 Inter (1st goal)
5⃣ Gnabry, Lyon 0-3 Bayern (1st goal)@NissanFootball #GOTT #GOTW https://t.co/gWSBK7vsZh pic.twitter.com/o76CdHCI47
Мелдештин жарым чейрек финалынын жооптук беттешинде Роналдунун “Лион” клубунун дарбазасына алыстан багыттаган кубаттуу соккусу мыкты голго айланган. Ал күйөрмандардын 400 миң добушуна ээ болуп, мелдештин мыкты голу деп тандалган.
Бул эки команданын биринчи беттеши 1:0, "Лиондун" пайдасына, жооптук оюн 2:1 "Ювентустун" жеңиши менен аяктаган. Эки беттештин жыйынтыгында бөтөн жерде киргизген голдун артыкчылыгы менен франциялык команда кийинки баскычка чыккан.
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Казакстанда мыктылыгын көрсөтө баштады
“УЕФАнын техникалык баяндамачылары жакынкы күндөрү он мыкты голдун тизмесин расмий жарыялайт. Азырынча күйөрмандардын тандоосу болду. “Лейпциг” клубунун футболчусу Марсель Забицердин киргизген тобу экинчи сапка чыкты. Ал эми “Ювентустун” дагы бир оюнчусу Хуан Куадрадо киргизген топ алдыңкы үчтүктү толуктады”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, УЕФАнын мелдешинин финалына германиялык “Бавария” менен франциялык “Пари Сен-Жермен” клубу чыгып, немецтик команда 1:0 эсебинде утуп чемпион болгон.