БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Өткөн сутканын ичинде Кыргызстанда 345 адам коронавирус илдетин жеңип чыкса, 196 киши ооруну жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Айыгып чыккандарды аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, жагдай төмөнкүчө:
- Бишкек – 96;
- Жалал-Абад облусу – 59;
- Ош шаары – 43;
- Ысык-Көл облусу – 40;
- Ош облусу – 35;
- Баткен облусу – 34;
- Чүй облусу – 23;
- Нарын облусу – 10;
- Талас облусу – 5.
Ал эми жаңы жуктуруп алгандар бул райондордо катталды:
- Жалал-Абад облусу – 49;
- Бишкек – 35;
- Ош облусу – 34;
- Ысык-Көл облусу – 24;
- Баткен облусу – 18;
- Чүй облусу – 16;
- Ош шаары – 9;
- Талас облусу – 8;
- Нарын облусу – 3.
Республика боюнча коронавирустан айыккан адамдардын саны 35 831ди түздү. Ал эми жуктургандар жалпысынан 42 703кө жетти.