Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

© Sputnik / Ильдус Гилязутдинов / Медиабанкка өтүүУчения Тихоокеанского флота с выполнением ракетных пусков
Учения Тихоокеанского флота с выполнением ракетных пусков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия өз аймагына жасалган кандай гана ракеталык чабуул болбосун, анын мизин кайтаруу үчүн өзөктүк дараметин ишке салат. Анткени учушта каршы тараптан кое берилген куралдын эмне экенин аныктоо мүмкүн эмес.

Бул туурасында Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан пайдаланылган макалада айтылат. "Өзөктүк кармануу жаатындагы РФтин мамлекеттик саясатынын негиздери" деген аталыштагы макала "Красная звезда" басылмасына жарыяланды.

Жагдайга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Мындай кырдаалда душмандын бутасы Россияны жок кылуу катары каралып, "жооп иретинде талкалоочу сокку жасалат". Андай соккунун бир варианты түпкүрдө жайгаштырылган континенталь аралык "Скиф" баллистикалык ракеталардан залп атуу болушу мүмкүн. Алардын саны, жайгашкан жерлери, сокку күчү жана учуш траекториясы саналуу адистерге гана дайын. Теориялык жактан алып караганда душман аларды аңдып, стратегиялык багыттагы 955 долбоорунун суу алдындагы "Борей" ракеталык крейсерлердин аскердик нөөмөт аймагына чабуул кое алат. Гипер үндүү, "Авангард" жеке көзөмөлдөөчү блоктор менен маневр жасоочу "Ярс" 150 ракеталык комплексине алдын ала эскертүүчү сокку урушу, чек арага жакын учушта кайсы бир сандагы россиялык стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучуларды кыйратышы ыктымал.

Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"

Мындай жагдайда (укмуштай жолдуу болгон учурда) Дүйнөлүк океандын тереңинен сокку жейт. "Скифке" куралсыздандыруучу (эскертүүчү) сокку урууга технологиялык жактан мүмкүн эмес.

Россиялык стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн көрүнбөс бөлүгү, түпкүрдө жайгашкан "Скиф" баллистикалык ракеталары деңиз түбүндө жылдап аскердик нөөмөт (күтүү режиминде) өтөөгө жөндөмдүү. Буйрукка жараша жердеги жана деңиздеги буталарды кыйрата алышат.

Ракета маалымат чөйрөсүндө өзгөчө купуялуулугу менен айырмаланат. Бул жагы да "Рубин" борбордук конструктордук бюросунун жана Макеев атындагы Мамлекеттик ракеталык борбордун жогорку натыйжалуу эмгегин кыйыр түрдө айгинелейт. Болжол менен "Скиф" деңизде жайгаштырылуучу белгилүү "Синева" баллистикалык ракеталарынын учуш мүнөздөмөлөрү кыйла жакшыртылып, соңку үлгүдөгү жасалма интеллект менен өркүндөтүлгөн үлгүсү болуп саналат. "Скифтин" эң негизги артыкчылыгы – колдонууга эптүүлүгү жана салыштырмалуу арзандыгы.

Контейнерде катылган сыр

"Скиф" баллистикалык ракетасы субмариналар үчүн ыраак аралыктагы ракеталар тобуна таандык. Учуруучу контейнерде деңиз түбүндө кызмат өтөйт, ал ири басым жана агрессивдүү чөйрөдөн ынанымдуу коргойт, Аскердик-деңиз флотунун командалык пункту менен байланышты камсыз кылат. Ракетага бир топ жыл туздуу суу өткөрбөс герметикалык жана дат баспаган таңгактарды жасоо долбоордун эң башкы техникалык көйгөйү болгон эле. Ошентсе да деңизден "Скифти" табуудан көрө бүгүн каптан шибегени таап чыгыш жеңил. Көзгө чалдыкпастыгы жана уникалдуу согуштук бышыктыгы баллистикалык ракеталардын учуруучу контейнерлерин өтө тереңдикте жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Андай түпкүрдө алар потенциалдуу душмандын деңиз үстүнөн өзөктүк соккуну да чабалдатып кое турган торпедаларына байкалбайт. Атайын субмарина "Скиф" ракетасын жайгашчу жерге жеткирет. Орнотуу түйүнүн азыркы учурдагы да, келечектеги да чалгындоо каражаттары аркылуу изин табуу мүмкүн эмес.

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

Согуштук максатта колдонууда сигналга жараша контейнер балласты үйлөтүп (суу алдындагы кайык сымал), тапшырмада коюлган тереңдикке сүзүп барып, ракета өз программасы боюнча бутасына карай багыт алат. Эгер "Синева" баллистикалык ракеталарынын ыраактыгы 8000 чакырымдан ашуун экенин эске алсак, жакшыртылган "Скиф" андан да ыраак учат.

Россиянын ички сууларында аскердик нөөмөт "Деңиз түбү жөнүндөгү келишимди" (1970-жылдагы) бузбаганын эскерте кетели. Бул документ жээкке карай 12 милдик зона чегиндеги суу түбүнө өзөктүк куралды жайгаштырууга тыюу салат. Мисалга, арктикалык шельф жана Тынч океандын жээкке жакын сууларында континенттер аралык баллистикалык ракеталарды орнотуу үчүн ыңгайлуу терең жерлери арбын. Алар болжолдуу душмандын аймактарындагы буталарга болушунча жакын. Бул – "россиялык коркунуч" эмес, Батыштын агрессивдүү умтулуусун, Түндүк деңиз жолуна жана россиялык Арктиканын, Ыраакы Чыгыштын, ошондой эле Курил аралдарынын табигый байлыктарына дооматтарын ооздуктоочу олуттуу фактор болуп саналат.

"Скиф" континенттер аралык баллистикалык ракеталарынын артыкчылыгы да экономикалык жактан айдан ачык. Өзөктүк субмарина-ракета ташуучулар өндүрүш жана пайдаланууда ашкере кымбат. Экипажды даярдоо да арзанга турбайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

Суу түбүндө жайгашуучу ракета кызмат өтөө мөөнөтү боюнча кошумча чыгымсыз эле кандай субмариналарды чаңында калтырат. Анан да баштапкы аскердик дараметин, стартка жана бутасын таамай талкалаган жөндөмүн сактап калат. Жамааттык Батыш тарабынан жарыяланган деңиздеги куралдануу жаңы жарышына Россиянын жообу ушундай.

"Скифтин" биринчи ирет 2008-жылы сыналганы анык. Заводдук сыноолору Ак деңизде 2013-жылы башталган. Ал эми 2017-жылы Федерация Кеңешинин коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы Виктор Бондарев түпкүрдөгү Континенттер аралык баллистикалык ракеталар Россиянын Куралдуу күчтөрүндө экенин жарыялаган. Жаңы ракета эбак мезгил менен текшерилген, андыктан көңүл бурууга арзыйт.

Жалган кыялдарга жетеленгендер

Россия президенти Владимир Путин 2-июнда "Өзөктүк кармануу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин" бекиткен. Документке ылайык, потенциалдуу душман кол сала турган болсо, кандай жооп аларын билүүгө тийиш. Ошентсе да, Россия өзөктүк куралды чектөө каражаты катары карайт.

Артиллеристтердин кыялы. Талаа-түздө сыналган "Тюльпан" миномёттору

Кошмо Штаттар 1970-жылдары ракеталарды океан түпкүрүндө жайгаштыруудан баш тартып, Европада орточо аралыктан орун ээлөөгө белсенишкенин да эске сала кетейин. АКШнын өзөктүк стратегиялар боюнча документтеринде Батыш Европадагы учуш убактысында утуп чыгуу жана алдыңкы системаларынын (Forward Based System) эсебинен чектелген өзөктүк согушта жеңишке жетүүнүн агрессиялык доктринасы пайда болду.

Вашингтондун планы боюнча, 570тен ашуун Pershing-2 катуу отун менен кыймылга келүүчү ракеталар СССРдеги буталарга 80 килотонналык кубаттуулуктагы өзөктүк моноблокторду 1800 чакырымга чейинки (Москвага чейин 8 мүнөттүк) аралыкка жеткирүүгө тийиш болчу.

Башкача айтканда, тарых бүгүн бөлөк технологиялык деңгээлде кайталанууда. Көз алдыбызда Forward Based System Германиядан Польшага жер которууда. АКШнын стратегиялык куралдануу жаатындагы аракеттери өзөктүк каражаттарды пайдалануу менен "глобалдык сокку" концепциясын ишке ашырууга багытталган.

Кошмо Штаттар жана НАТО активисттери аскердик инструменттер аркылуу Россиянын экономикалык өнүгүүсүн жана эл аралык таасирин өсүшүн ооздуктоого тырышууда. Ал эми бул мамлекет гиперүндүү ракеталар, өзөктүк субмариналар, 5-муундагы истребителдерин, "Посейдон" өңдүү суу түбүндөгү учкучсуз аппараттар жана башка кайсы гана агрессор болбосун мизин кайтарууга кепилдик бере турган жогорку технологиялык курал-жарактарды иштеп чыгуу жана өндүрүү тармагында жамааттык Батыштан алда канча озуп кеткен.

Бири-бирине эч коошпогон жагдайлар жаралды. Доктриналар менен реалдуулуктун ортосундагы айырманы баамдаган аскердик кеңешчилер акылга сыйчу ой калчоодон тайган америкалык саясатчыларга өз кеңештерин айтуудан айбыгышат.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

Дээрлик жыйырма жыл бою Пентагон начар куралданган эле "Талибан"* террордук уюмдарды жеңүү үчүн өз өнөктөштөрү менен Афганистанда эбегейсиз каражат жумшалган аскердик операцияларды жүргүзүп келген. Бирок акыры АКШ каршылашы менен америкалык армияны жер караткан тынчтык келишимин түзүүгө барды. Натыйжада ансыз да чабал Афганистан Ислам Республикасын кароосуз калтырып кетүүдө.

Тилекке каршы, Вашингтон туура бүтүмдөрдү чыгарган жок, анын ордуна жок жерден россиялык коркунучту ойлоп таап, "Европаны куткарууга" жигердүүлүк менен киришти. Бирок "Скифтер" жана РФ коопсуздугунун башка кепилдиктери уктап жаткан жери жок.

* – РФ жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0