Россиянын Тынч океандык флотунун деңиз пехотасы 12-августта тарыхта алгач ирет Командор аралдарына (Беринг деңизи) парашюттук десант түшүрдү. Ал АКШ аймагынан болгону 350 чакырым ыраак. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу россиялык десанттын артыкчылыктарын санаган.
Андан бир күн мурун Ту-160 стратегиялык ракета ташуучулардын экипаждары Саратов облусунан көтөрүлүп, Чукотка жарым аралындагы Анадырдагы аэродромго жайгашышты. Ал Кошмо Штаттардын территориясынан 530 чакырым аралыкта турат.
Деңиз пехотасынын бөлүгү пландык тактикалык машыгуунун жүрүшүндө Командор аралындагы бейтааныш аянтчага парашюттук ыкма менен жеткирилди. Десантты жеткирүү – аралдардын биринде жайгашкан аскердик объектилердин коргонуусун бекемдөө, шарттуу душмандын чалгындоо-диверсиялык топтордун чабуулун алдын алуу.
"Арбалет" тутумундагы парашюттарды пайдалануу менен десантты түшүрүү толук аскердик эсепте, штаттык куралдануу жана катаал убакыт алкагында коргоону уюштуруу менен жүргүзүлдү.
РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот
Окууга 50 аскер кызматкери, деңиз авиациясынын учактарынын жана Тынч океан флотунун жардамчы кемелеринин экипаждары тартылган. Бул – аскердик-машыгуу, ошентсе да, коркунучтарды токтотуу жана ага жооп кайтарууда Россиянын мүмкүнчүлүктөрү туурасында Пентагонго эскертүүчү символикалык аракет экени да анык. Саратов облусунан алынып, Россиянын Ыраак авиациясынын эки стратегиялык Ту-160 ракета ташуучусунун Анадырга жайгаштырылышы америкалык "өнөктөштөргө" таасын даректүү сигнал сымал туюлат.
Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучуларынын, үндөн ылдам Ту-22М3 бомбалоочу-ракета ташуучу жана Ил-78 учуучу танкеринин катышуусунда "Белый лебеддердин" токтоосуз учушу (чыгышка карай 7000 чакырым) учуу-тактикалык окуунун алкагында жүргүзүлдү.
Авиатехниканы оперативдик аэродромдорго жеткирген соң экипаждар Ыраак авиация командачысы, генерал-лейтенант Сергей Кобылаштын жетекчилиги менен авиациялык каражаттардын согушта колдонуу боюнча машыгып, багытына жараша башка тапшырмаларды да аткарышты. Чындыгында ракета ташуучулардын багыты да айкын, булар – Россиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн компоненти.
Командордо жаңырган "Ура!" эмнени туюндурат?
Тынч океандык флоттун деңиз пехотасынын парашюттук десанты Тынч океанда унутулган Командор аралдарында (700 чакты тургуну бар) жогорку аскердик даярдыгын жана россиялык күчтөрдүн дайымкы жайгашкан жеринен миңдеген чакырым аралык алыста да натыйжалуу аракет этүү, дүйнөнүн булуң-бурчундагы аскердик объектилерди ыкчам түрдө көзөмөлгө алуу жөндөмүн көрсөтө алды.
Россиялык аскер кызматкерлери дүйнөлүк тарыхта алгачкылардан болуп 2020-жылдын 26-апрелинде 10 миң метр бийиктиктен Заполярьеден секирип, Франц-Иосиф Жери архипелагында ийгиликтүү аракет этишкен. Бийик десанттык спецназ бөлүктөрүнө душмандын объектисинен кыйла узак болуп, каалаган региондо операциялардын купуялуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат. Кандай гана жер болбосун, коңшу континенттердин катуу топурагын айтпаганда да, Түндүк полюстан анча ыраак эмес аймакта калкып жүргөн музга да россиялык аскерлер 2014-жылдын апрелинде эле түшүшкөн. Эң катаал шарттардагы кырдаалда атайын багыттагы "Арбалет-2" жаңы парашюттук системалары менен аскер кызматкерлери 400дөн 4000 метрге чейинки бийиктиктен 50 килограммдык жүк менен коопсуз секире алышат.
Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби
"Штурм" ранецсиз (баштыксыз) парашют 80 метр бийиктиктен секирүүгө жол берет. Россиялык сооттолгон техника гана экипажы менен бирге 1500 метрге чейинки бийиктиктен көп куполдуу системалар менен секирет. Анткен менен кандай гана парашют болсо да ал аскерди жана курал-жаракты согуш талаасына жеткирүү инструменти гана болуп саналат эмеспи.
Аба десанты (деңиз пехотасы, Аба-десанттык күчтөрү жана башка адистер) душмандын тылында, жергиликтүү жаңжал жана ири масштабдуу согуштарда (өз алдынча же куралдуу күчтөрдүн курамында) ыкчам-тактикалык аскердик тапшырмаларды аткарууга багытталган. Десантты түшүрүүгө душмандын абадан коргонуу натыйжалуу системасы гана жолтоо болушу мүмкүн, бирок, алыстан авиациялык каражаттар менен алдын ала урулган сокку бул көйгөйдү да жоюп кое алат.
Реалдуу согуштук операцияда десанттын жолун бирөө тазалап, душмандын зениттик каражаттары, Lance тибиндеги тактикалык ракеталык комплекстери, артиллерия жана күчүн басууга тийиш. Балким, тегин жерден стратегиялык Ту-160, Ту-95МС жана Ту-22М3 үндөн ылдам бомбалоочу-ракета ташуучулары Тынч океан жээгине Командор аралдарына десантты жеткирүүдөн бир күн мурда учуп келип, багыты боюнча тапшырмаларды аткарышпагандыр. Мында Россия эч кимди согуш менен коркутпаганын, бирок, өз мүмкүнчүлүктөрүн да эч кимден жашырбай турганын баса белгилеп кетүү абзел.
Анадырдан астейдил эскертүү
Тынч океан жээгинен 11-августта орун алган россиялык Ыраак авиациянын сокку уруучу тобу душмандын объектилерине Россиянын аба мейкиндигинен чыкпастан 5500 чакырым аралыктан сокку урууга жөндөмдүү. Болжолдуу түрдө Анадыр аэродромунан таамай тийчү, анча байкалбас ракеталар Minuteman III өзөктүк континенттер аралык баллистикалык ракеталары менен шахталар жайгашкан америкалык
Монтана жана Түндүк Дакотага чейин уча алышат. Тынч океандын үстүндөгү эл аралык аба мейкиндигинде жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда.
Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"
Стратегиялык Ту-160М, мисалы, Сирияда сыноодон өткөн ок бөлүгү кадимки же өзөктүк Х-101 канаттуу ракеталарын пайдалана алат. Ту-160тын револьвердик кыймылга келтирчү орнотмолору атайын бөлүнгөн жайында (отсек) 12 канаттуу ракетага чейин ташууга мүмкүндүк берет. Х-101 конвенциялык модификациясы тротилдик эквивалентте 400 килограммдын тегерегиндеги кубаттуулуктагы курал бөлүгүнө ээ. Атайын Х-102 болсо термөзөктүк учтуу ок менен (250 килотоннадан бир мегатоннага чейин) жабдылышы ыктымал.
Ту-22М3 ыраак көп режимдүү, үндөн ылдам бомбалоочу-ракета ташуучусу Абадан коргонуу жана Радиоэлектрондук күрөш жаатындагы заманбап каражаттарга каршылык көрсөтүү шартында жердеги жана деңиздеги буталарын таамай талкалай алат. Өзгөрүлмөлүү ок түрүндөгү канаттары менен бул ракета стратегиялык жана оперативдик-тактикалык авиациянын ортосунан өз ордун тапкан. Азырынча дүйнөдө бул ракетага тең келгени жок. Максималдуу ылдамдыгы – саатына 2300 чакырым, 24 тоннага чейин курал-жарак ташый алат. Х-101 же Х-102 канаттуу ракеталарын чекке кое берүүгө чейин жеткирүү үчүн багытталган. Ошондой эле Х-32, гипер үндүү X-47М2 "Кинжал" ракеталарын ташууга жөндөмдүү.
Ту-22М3М бомбалоочу учагы душмандын абадан коргонуу тутумуна чейин 700 чакырымдык аймакка чейин кирбестен, анын абадан сокку уруучу тобун кыйратып коеру бышык. Үндөн ылдам кемеге каршы Х-32 1000 чакырым аралыкка 5 МАХ ылдамдык менен 40 чакырымга чейинки бийиктикте учуп, стратосферадан "Иджис" ракетага каршы коргонуу кеме каражаттары менен мизи кайтарылгыс сокку ура алат.
Ал эми стратегиялык Ту‑95МС бомбалоочу-ракета ташуучусун кеңири таанытып деле отуруунун кажети жок. Ал канаттуу ракеталар менен душмандын тылындагы маанилүү объектилерди күндүзү да, түнкүсүн да, кандай гана аба шартында болбосун 5500 чакырымга чейинки аралыктан кыйратууга багытталган. Эске салсак, биз атап өткөн учактардын баары терең заманбапташтырылган, бортунда соңку үлгүдөгү курал-жарак ташып, өздөрүнүн күчү да, сүрү да каардуу. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Ыраак авиациясы курал-жарак курамында 70тин тегерегинде стратегиялык Ту-160 жана Ту-95 бомбалоочу, 40тан ашуун Ту-22М3 ыраактан бомбалоочу учактарына ээлик кылат.
Россиянын топ жарышы. Аскердик роботтор адам менен "тил табышат"
РФтин Космостук-аба күчтөрүнүн негизги сокку уруучу кубаты жана стратегиялык өзөктүк күч компоненттери, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысынын каражаты болгон ыраак авиация оперативдик-стратегиялык милдеттерди аткарууга багытталган, эч качан бейчеки учурула бербейт.
Американын курулай далалаты
Пентагон жана НАТО Чыгыш Европада Россияны маңызсыз эле ооздуктоо менен алектенүүгө өтүп алды. Башкача айтканда, Германиядан Польша жана Румынияга америкалык күчтөрдү жайгаштырып, кайра-кайра машыгууларды өткөрүп, аскердик жана чалгындоочу авиациясы РФтин чек арасына жакын жердеги Балтий жана Кара деңиздерге провокациялык учуштарын токтотподу.
Жеке коопсуздугун унуткара (запаста башка планетасына ишенген сымал), союздаштары жана өнөктөштөрүн бөгөттөө ыкмалары менен "кризистик аймактардагы жөнгө салууну" иштеп чыгуудан, абадан коргонуусун жиреп өтүү жана десанттык, душман санагандарына ракеталык сокку урууну имитациялоо жаатында чаалыкчудай түрү жок.
Пентагон аз кубаттуулуктагы өзөктүк куралдын "гумандуу" дараметин жогорулатууга умтулуп турат. Эгер Россияны "ооздуктай" (америкалык кызыкчылыктарга баш ийдире) алышпаса, чабуул коюуга барууга туура келет. Бул 2015-жылдан тарта эле белгилүү болуп калган.
"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?
Россия экономикалык жактан обочолонбой турганын же согуштук ыкмалар менен жеңилбестигин, узак жылдардан берки кысым көрсөтүүлөр майнапсыз экенин азыркы реалдуулук айгинелеп турат. Муну америкалык The American Conservative журналы да моюнга алат: "Россиянын өзүнүн түздөн-түз жакындыгы менен белгилеген чек аралары бар, АКШ аларды басып өтпөөгө тийиш. АКШ менен Россиянын ортосундагы өзүнчө бир тиреште ортодо калган өлкөлөр кандай кейиштүү абалга тушугарына соңку 12 жылда биз эки ирет күбө болбодукпу. Биздин өкмөт Украина менен Грузиянын мисалынан улам АКШ чындыгында бул өлкөлөрдү коргоого даяр эмес, ага дити деле жоктугун түшүнгөн". Пентагондогулар ушундай эле бүтүмгө келип, Балтий жана Кара деңиз, Беринг жана Чукот деңиздеринин үстүндө одоно чагымчылдыкка жол бербестигине үмүт кылабыз. Антпесе, АКШ эч ылайыксыз жоготууларга кабылышы ыктымал.