00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коронавирустан корккон кайненем төрөбө деп айламды кетирип жатат. Келиндин каты

CC0 / Pixabay / Cyrielle EvenoЭркек менен аял кол кармашып отурат. Архив
Эркек менен аял кол кармашып отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кайненесин ыраазы кылуу жолун таба албай жаткан келиндин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Мен жыйырма беш жаштамын. Турмушка чыкканыма бир жылдан ашты. Бирок балалуу боло элекпиз. Жашоодо кызык нерселер боло берет экен. Менин азыркы абалым кээ бирөөлөргө күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок менин айлам кетип турган кез.

Кайындарым жакшы турушат. Кантта жашайбыз. Бирок кайненем абдан каардуу аял. Үйдө ал кишинин айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылышы керек. Баарыбыз буга көнүп бүткөнбүз. Кайнатам да үйдүн маселесине киришпейт.

Кайненем жакында эле пневмониядан жакшы болду. Абдан коркуп калса керек, абысыным экөөбүздү күндө беш маал хлор менен үйдү сүрдүрүп чыгат. Идиш-аякты да хлор менен жууп жатабыз.

Уул-келинимди ажыраштырсамбы? Кек сактаган кайнененин каты

Баары абысынымдын боюна бүтүп калганынан башталды. Анын эки баласы бар. Үчүнчүсү боюнда эки ай болуп калганда билинди. Кайненем "төрөбөйсүң" деп дароо эле баланы алдыртып келди.

Анткени апабыз бардык жакта дары чачып, коронавирус күчөп жатканда кандай бала төрөлөт деп коркуп жатат.

Үйдө келиндерине "оору кетмейин төрөмөй жок" деген "мыйзам" киргизди.

Эми жеңем жакшы болуп калса бир жумадан кийин экөөбүздү тең ооруканага алып барып спираль салдырарын айтууда. Гинекологуман сурасам "спираль салдырба, төрөбөй калышың мүмкүн" деп урушту. Чынында өзүм деле бир жылдан бери төрөй албай жаткам. Бала көзүмдөн учуп, санааркап турганда жок жерден көйгөй чыкты.

Жолдошумду ортого салайын десем, "апам менен өзүң сүйлөш, мен кантип айтмак элем" деп койду. Эмне кыларымды билбей калдым.

Кыйналып кеттим, кантип туруштук бере алам? Ыктыярчы кыздын каты

Кайненеме дарыгердин сөзүн айтсам да уккусу жок. "Кызык адам экен" деп ичимен таң калып жатам. Өз апама да айта албайм. Анда да "үйдөгү маселеге сырткаркы кишини кийлигиштиресиң" деп жаман көрөт. Апам экөө урушуп кетпесин деп да корком.

Кыскасы төрөбөй калуудан да, ажырашуудан да чочулап жатам. Жолдошумду жакшы көрөм. Ал эми кайненеме каршы чыгуу бул үй-бүлөнүн тарыхында болбосо керек. Ошентсе да бул ирет каршы чыкпасам, өмүр бою балалуу болбой калышым мүмкүн. Кайненемдин каарына калуу да кооптуу. Анткени оңой эле "жолго" салып коёт. Мурунку абысыныбызды асылып жатып эле кетирип салыптыр.

Урушуп-талашпай кайненемди кандайча көндүрсөм болот? Мындай адамдарга кантип түшүндүрөт? Психолог мага кеңеш бере алабы?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Келинди "төрө же төрөбө" деп кыйноо, эркине каршы иш кылдыруу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, үстөмдүк кылууга кирет. Ар бир адам каалаган убагында балалуу болууга, тукум улоого укуктуу, ага эч ким тоскоол болууга акысы жок.

Дарыгердин спираль салдырууга болбойт дегенин кайненеңизге жакшылап түшүндүрүп айтыңыз, коркпоңуз. Азыр коркуп, аны жашырып койсоңуз келечегиңиз кандай болот? Чындап эле балалуу боло албай калсаңызчы?

Ушул жагын да терең ойлонгула. Үйдөгү ызы-чуудан качып, кийинки тагдырыңызга кыянаттык кылып албаңыз. Эмнеси болсо дагы кайненеңизге жай отуруп баарын түшүндүрүңүз.

Жаңы келген кыздан кыя өтпөйт. Күйөөсү менен чогуу иштеген аялдын даты

Ооба, коронавирус дүйнөнү сестентип койду, баарыбыз тынчсызданып турабыз. Бирок ага шылтап, баладан баш тартууну мен да туура деп эсептебейм.

Бойго бүткөндө эне өзүн жакшы карап, дарыгердин көзөмөлүндө болуп төрөп алууга эмнеге болбосун? Экинчиден бул оору качан бүтөрүн эч ким билбейт. Бул жагын да ойлош керек. Ошондуктан кайненеңизди гинекологго чогуу алып барууга аракет кылсаңыз жакшы болмок. Анын да пикирин уксун. Же психологго бирге баргыла.

Азыр анын ою менен болуп койсоңуз, акырындан ортодо ажырым пайда болот. Ар кандай түшүнбөстүк келип чыгат. Андан көрө бул маселеге жолдошуңуз дагы батыл киришкени жакшы, акылдашып чечкиле.

Жаңылыктар түрмөгү
0