00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыйналып кеттим, кантип туруштук бере алам? Ыктыярчы кыздын каты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке
Президент Сооронбай Жээнбеков посетил ночной стационар в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

Бул ирет өлкөдөгү пандемияга байланыштуу коронавируска кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүп иштеген ыктыярчы кыздын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам өз эрким менен ыктыярчы болуп иштеп жатам. Кыргызстандагы абал оңолгуча тынбай кызматымды кылып, бейтаптарга жардамымды бере берем. Үйүмдөгүлөр деле санааркап жатышат, бирок мен коргонуучу кийимдер менен алымдын жетишинче өзүмдү да коргоп жатам.

Өлүп калсам баламды ким карайт?.. Пандемиядан улам паникага алдырган келиндин каты

Психологго же психотерапевтке сиздер аркылуу кайрылуума бир негиз болуп жатат. 22 жаштамын. Акыркы кезде оорулуулардын акыбалы, өмүрү менен кош айтышкан бейтаптар, каза болгондордун жана вирус жуктуруп алгандардын санынын өсүшү мени да түйшөлтөт. Оор абалдагы жардам сураган адамдарды көрө берип жүрөгүм ооруп калды окшойт. Же депрессияга, стресске түшүп кеттимби, билбейм. Жүрөгүм ооруганы кадимкидей сезилчү болду. Абал тынчыса дарыгерге кайрылып көрсөмбү деп жатам. Ага чейин өзүмдү психологиялык жактан кантип бекемдесем болот?

Эч ким тоскоол болбогон жерге барып эле буркурап-боздоп ыйлап алгым келе берчү болду. Ошондо жеңилдеп алчудай сезилет, кайра туруп мунумду обу жоктонгондой жактырбайм. Буулуккан бир нерсе ичимден чыкпай жатат. Бирөөгө жардам бергенден эмес, жаман жаңылык угуп, көрө бергенден чарчадым. Көз да чарчайбы? Акыркы кезде кулк-мүнөзүм өзгөрүп бара жатат. Мен өзүмдү эки айдын ичинде эле башкача мүнөз күтүп, өзгөрүп кеткендей сезип жатам. Мурда баары жайдары көрүнчү. Азыр мага бүт нерсе чыңалып тургандай оор сезилет.

Ошентсе да сакайып келе жаткан бейтаптарды көргөндө сүйүнөм. Бейтаптарга жардам бергим келет, оор кырдаалды жүрөгүмө жакын албоого кантип үйрөнсөм болот?

"Сактап кал" деп жалдыраган көздөр жүрөгүмдү тилип кетти. Ыктыярчылардын маеги

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси, психотерапевт:

— Социумга тийиштүү маселелерди мамлекеттик структуралар чечиши керек. Ал эми ыктыярчылар негизинен аларга жардамдашуучу сектор катары иш алып барууга тийиш эле. Тескерисинче, азыр бизде, тилекке каршы, ыктыярчылар негизги иштерди аткарып калды. Чоң иштерди жасап жатышат. Мамлекеттик структуралар жасай турган көп иштерди ушул ыктыярчылар аткарууда. Булар учурда стационар, Тез жардам кызматтарын ачып жатышат. Бирок ар бир ыктыярчы кандай кырдаалга кабыларын билбейт. Ар кандай көрүнүшкө күбө болууга психикалык жактан даяр турушу керек. Өзгөчө адам каза болуп калышы мүмкүн болгон тармактар — Тез жардам, интенсивдүү терапия көрсөтө турган жактарга психологиялык жактан туруктуу, даяр адам барышы шарт. Эгер психологиялык жактан алсызыраак адам барып алса, психикада кыйынчылыктар жаралат. Ал адам депрессия болуп же анда кырдаалдык психоздук реакциялар болуп кетиши мүмкүн. Ыктыярчы – өз демилгеси менен жардам берүүнү каалаганы менен ал жеке инсан. Психология ар кандай болот. Кандайдыр бир деңгээлде ыктыярчылар жаңы бир ишти өздөштүрүп жатат. Буга ошол тармактагы профессионал адамга караганда жаңы келген адамдын энергиясы алда канча көп жумшалат. Ошол себептен ыктыярчылар психикалык гигиена жагынан да өтө сак болушу керек. Маалыматтарды да байкап кабыл алып, бара турган жерлерди да өзүнүн абалына карап тандасын. Бардык нерсеге кирише бергенге болбойт. Психикага доо кетип калса, аны кайтаруу оңой эмес. Бир адамды сактаган менен башка бир адам ден соолугунан ажырап калган чынжырча түзүп албоо керек. Ошол себептен реанимацияда, Тез жардамда ыктыярчылар эмес, адистердин иштегени жакшы. Ал эми ыктыярчылар жардамчы катарында иштерин аткарышса туура болмок.

Жумуштагы байке тийишкенден кийин жашоом бузулду. Жаш жигиттин каты

Кат жазган кызга айтарым, психикасына карап, өзүнө кыйынчылык келбей турган тармактарда жардам берсин. Психикасын жабыркатып алса - ден соолугуна чоң залал келип калат. Анын үстүнө кыздардын психикасы бузулбашы керек. Ал деген — эне. Алар улуттун генефондун түзөт. Азыр бири-бирине көз сала тургандай эмес, бир аз башаламандык орун алып калды. Ошондуктан өзүңөрдү да карагыла. Иш — иш менен, бирок силер да өз убагында уктап, тамактангыла. Анткени ыктыярчы жардам берүү үчүн өзүнүн ден соолугун да жабыркатып албоосу керек. Өзүңөргө иштөө, эс алуу режимин түзүп алгыла. Калориясы күчтүү тамактарды өз убагында ичкиле. Анткени азыр силерден көп энергия сарпталууда, ошону толукташыңар керек. Анын үстүнө кызыл зонада иштеп жатасыңар, иммунитетиңер күчтүү болсун. Туугандар менен да бат-бат кабарлашып тургула. Бул да кошумча күч-кубат берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0