00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы келген кыздан кыя өтпөйт. Күйөөсү менен чогуу иштеген аялдын даты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРабота ЗАГСов в Москве в период коронавируса
Работа ЗАГСов в Москве в период коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

Бул ирет жолдошунун кылыктарынан тажап, анын өзгөрүшүн каалаган аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мен да үйбүлөлүк көйгөйүмдү айткым келди. Психологго жашыруун кайрылып жатам.

Жолдошум экөөбүз мурда эки башка иштесек, азыр бир жердебиз. Экөөбүздүн жашыбыз тең, отуз бештебиз. Эки эркек балабыз бар.

Эмнеге жубайлар тез ажырашып кетишет. Психологдун жообу

Жумушум жагат, айлыгым да жакшы. Жолдошум да жакшы табат. Пандемия маалында деле офиске барып иштеп жаттык. Иш ошондой.

Ушу тапта бир жагынан пандемиянын коркунучу, бир жагынан күйөөмдүн кылыктары маанайымды чөгөрчү болду. Анын кыз жандуулугу, анан ичип алганда элдин көзүнчө оюна келгенди сүйлөй бергени жанга батты. Жумуштагылардан уялып, өлбөгөн төрт шыйрагым калчу болду.

Бизде турмушка чыга элек кыздар көп. Жаш кыздар "күйөөңүздүн бир "секретин" айтайынбы, эже" деп күлүп келишет. Кагып салайын дейм, бирок айла жок. Чынында жиним келет. Бирок сыр бербей, сөз менен жайкап коём. Кепти ырбаткым келбейт.

Үйгө барганда "дагы эмне кылдың эле?" деп күйөөм менен урушам. Кыздардын сөзүнө да кулак жапыра албайм. Айтылган сөздөр чын экенине да ишенем, анткени күйөөмдүн сырын билем. Көчөдө баратканда деле жакшынакай кыз көрсө оозун ачып карап калат.

Ичип алса баатыр болуп чыга келет. Элдин көзүнчө сөгүп же бирөөгө жабыштыра калган адаты бар. Өзүм бир мүнөз, элдин баары менен аралыкты сактап мамиле кылган адаммын. Жолдошум абийиримди кетирип бүтмөй болду.

Жашоону эмнеден баштоону билбей турам. Күйөөсү башкага кетип калган келиндин каты

Үйүмдөгүлөр да жактырбайт. Ажырашып эле кетчи дей беришет. Алар да далай "концертин" көрүшкөн. Жумуштан да чыгып кете албайм. Анткени иштебей үйдө отуруп калсаң, анда такыр эле адам санынан чыгарып салмайы бар. Тапканын милдет кылып, ансайын көзүмө чөп сала баштайт. Ал да баштан өткөн. Эмнени гана кылып көрбөдүм...

Күйөөмдү кантип оңдосом болот? Же абалдан чыгуунун жолдору барбы?

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ" психотерапия борборунун жетекчиси, психотерапевт:

— Бул көп үй-бүлөдө кезигүүчү актуалдуу, кызыктуу көрүнүш. Эгер психологдун көз карашы менен карасак, мындай мүнөздөгү окуялар үй-бүлөнүн ички маселелеринен улам жаралат. Биринчиден, бул жерде эч кимди күнөөлөбөш керек. Күйөөсүнүн жакшы жумушу бар экен. Материалдык жактан да камсыздалган. Бирок анын жаңы келген кыздарды сураштырганын бузукулук катары кабыл алууга болбойт. Муну кесиптештер арасында ролун бекитүү үчүн жасаган кадам катары кароо зарыл. Анын үстүнө кыздар көп иштейт экен. Аялы менен да кесиптеш. Ал болгону эркек катары өзүнүн жүрүм-турумун өзгөчөлөнтүп көрүнгүсү келет. Ал эми ичип коймой адатын да жазыптыр. Бирок ал такыр эле ичип кеткен жок да. Булардын жумушунда майрам, кечелер убактысы менен өтүп турары катта байкалып турат. Кесиптештер арасындагы майрамдык столдо күйөөсүнүн ичип алганын, кылыктарын аялы жактырбайт. Бирок бул көрүнүш бир нече ирет болгон соң, демек күйөөсү чектен ашпай, сойлоп калбай өзүн көзөмөлдөп турат.

Үй-бүлөдөн да, там-таштан да жок сызга отуруп калдым. Мигрант күйөөнүн көйгөйү

Кээ бир эркектер ичимдик ичкенден кийин өзүн эркин сезип, ар кандай сөздү сүйлөп калат. Эч кам санабаңыз, жолдошуңуз баарын билип-сезип турат. Анткени ал да түшүнүп, анализдейт.

Эми окуяны териштирип көрсөк, аял — үйдүн куту. Үйдөгү жакшы гармонияны, сүйүүнү, маанайды, түшүнүшүүнү да аял киши жаратат. Үй-бүлөдө уруштун чыгуусуна шарт түзбөө керек. Эркекти катуу көзөмөлдөй берсе, ал эркиндикти көбүрөөк самап, ичип алганда жанагыдай нерселерге жол берип коюшу мүмкүн. Ортодогу мамиле муздап, өзгөчө төшөк жаатында маселе жаралып калганда эркектер моралдык жетишпестикти толтурууну көздөйт. Бул табигый инстинкт.

Аял киши эркектин "курсагын тойгузуп, кийимин даярдап коюу эле жетишет" десе жаңылышат. Керектүү жерде ага моралдык колдоо, жакшы сөз, мээрим да төгүп, кеңешип, зыңкыйтып кийинтип, аңдый бербесе эле жолдошу андан башка бир да аялды жогору көрбөйт. Аял күйөөсүн кызганып, шекшип сурак жүргүзө берсе кыжыр келтирүүчү факторго айланып калат. Андан нары олуттуу көйгөйлөр жаралып кетиши мүмкүн. Ошол себептен өзүнүн да кемчиликтерин карап көрсүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0