Facebook Трамптын тарапташтарына ал тууралуу жарнама жарыялоого тыюу салды

© REUTERS / TOM BRENNERАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания жарнамага канча убакыт тыюу салганын жана кайсы маалымат үчүн Трампты колдоо комитетине мындай жаза берилгенин айтуудан баш тартты.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Facebook компаниясы АКШ президентин коргоо комитетине Дональд Трампты колдогон жарнамаларды социалдык тармакка жарыялоого тыюу салды. Бул тууралуу CNN телеканалы жазды. 

Буга чейин Трамптын тарапташтарынын биринин интернеттеги маалыматын тиешелүү кызмат текшере келгенде калп болуп чыкканы айтылат.

Трамп журналисттер менен уруша кетип, жыйынын үзгүлтүккө учуратты. Видео

"Президентти коргоо комитети жарыялаган бир нече маалымат чындыкка дал келбей турганы аныкталгандыктан биздин платформада убактылуу жарнама кыла албайт", — деген Facebook компаниясынын өкүлү Энди Стоун.

Компания жарнамага канча убакыт тыюу салганын жана кайсы маалымат үчүн мындай жаза берилгенин айтуудан баш тартты.

Негизи саясий партиялар тарабынан чыккан жарнамалык билдирүүлөрдүн чын-бышыгын текшерүү Facebook социалдык тармагынын милдетине кирбейт. Бирок саясий топтор, анын ичинде саясий комитеттер жарыялаган контент жалган эместиги каралат. 

Трампты колдоо тобу 2013-жылы демократ Хиллари Клинтонго каршы күрөшүү максатында түзүлгөн. Комитет лидерин колдоо үчүн 15 миллион доллардан ашык каражат сарптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0