Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

© Фото / Алия ДжакуповаВрач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова адамдын организминде ар бир саатта ар башка гормондор иштелип чыгып турарын жана бул режим бузулган учурда ден соолукка олуттуу зыян келерин айтты.
Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

Мелатонин "уйку гормону", серотонин "кубаныч же бакыт гормону" деп аталат. Бул экөөнү тең мээнин ортоңку бөлүгүндө жайгашкан эпифиз бези бөлүп чыгарат. Аталган гормондор бири-бири менен эриш-аркак иш алып барып, адамдын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дарыгердин айтымында, мелатонин гормону саат 21:00дөн баштап бөлүнүп чыгып, организмди уйкуга чакыра баштайт. Түнкү 02:00де эң көп бөлүнгөн чегине жетип, таңкы 04:00төн баштап азаят.

Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

" Адамдын организми өз функциясын жеткиликтүү аткарууда гормондордун орду чоң. Өзгөчө жашоонун булагы болгон уйкуну чакырып, адамды эс алдырып турган мелатонин гормону бар. Ал эми бул гормондун пайда болушун серотонин гормону шарттайт. Серотонинди биз күн нурунан жана курамында антиоксиданттар бар азыктардан алабыз. Мелатонин гормону адамдын биологиялык сааты туура иштеген учурда 21:00дөн тарта пайда болуп, организмди уйкуга даярдай баштайт. Андыктан бул убакыттан көп кечиктирбей уктоо керек. Ал эми таң агарып, тагыраагы, таңкы 04:00, 05:00 аралыгы аталган гормон активдүүлүгүн жоготуп, жыйынтыгында адам уйкудан ойгонушу шарт. Башкача айтканда, ушул сааттар аралыгы уктаган уйку биздин организмибиз үчүн пайдалуу, аны эс алдырат. Ал эми күн чыккандан кийинки уйкунун пайдасы жок. Ошондой эле күндүз атайын үйдү караңгылатып алып уктоо да организмге жакшы таасирин тийгизбейт. Негизи эле адам ден соолукта болушу үчүн ар саатта ар башка гормондор бөлүнүп чыгып, өз тартиби менен иштеп турат ", — деди Турсункулова.

Эндокринолог серотонинди көбөйтүү үчүн атайын таблеткаларды ченемсиз ичүү галлюцинация, шизофрения ооруларына алып келиши ыктымалдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0