КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду

© Фото / пресс-служба ФФКРФутбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт. Архив
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
34 жаштагы жарым коргоочу Эдгар Бернхардт Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногону менен белгилүү. Кыргызстандын курамасында 38 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт "Дордой" футбол клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу бишкектик команданын сайтында айтылат.

Келишим ушул сезондун аягына чейин түзүлгөн. Бернхарт жаңы командасында 28-номер менен ойнойт.

"34 жаштагы жарым коргоочу Эдгар Бернхардт, Кыргызстандын Чүй облусунун Новопавловка айылында туулган. Кийин ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кеткен. Футболчу Германия, Нидерланддар, Финляндия, Польша жана бир катар Азия өлкөлөрүнүн клубдарында ойногону менен белгилүү. 2019-2020-жылдагы сезондо Бангладештин чемпионатында "Абахани Лимитед" клубуна ойногон", - деп айтылат маалыматта.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Ал 2015-жылы Кыргызстан улуттук курама командасына тартылган. Жалпысынан 38 беттеш өткөрүп, 4 гол киргизген. Тransfermarkt уюмунун акыркы маалыматына ылайык, Эдгар Бернхарттын баасы 100 миң евро деп эсептелет.

Карьерасы:

  • 2004-2006 — "Оснабрюк" (Германия);
  • 2006-2007 — "Антрахт II" (Брауншвейг, Германия);
  • 2007-2008 — "Эммен" (Голландия);
  • 2008-2009 — "Оснабрюк II" (Германия);
  • 2009-2010 — "Вупперталь" (Германия);
  • 2010-2011 — "Ваасан" (Финляндия);
  • 2012 — "Лахти" (Финляндия);
  • 2012-2014 — "Краковия" (Польша);
  • 2014 — "Яро" (Финляндия);
  • 2015 — "Видзев" (Польша);
  • 2015 — Prachuap (Таиланд);
  • 2016 — Al-Orouba (Оман);
  • 2016 — "Энерги" (Германия);
  • 2016-2017 — "Редингхаузен" (Германия);
  • 2017-2018 — Stal Mielec (Польша);
  • 2018-2019 — Tychy (Польша);
  • 2019 — Kedah (Малайзия);
  • 2019-2020 — Abahani Limited (Бангладеш);
  • 2020 — "Дордой" (Бишкек, Кыргызстан).

 

Жаңылыктар түрмөгү
0